АКШнын Нью-Йорк шаарынын 48 жаштагы тургуну Ширелл Пауэлл аты-жөнү, жашы, келбети инисине окшош адамдын өлүмүнө жаңылыш макулдугун берип алган. Бул тууралуу чет элдик маалымат булактары жазып чыкты.
Белгилүү болгондой, Фредерик Кларенс Уильямс баңги затын ашыкча колдонуп ооруканага түшкөн. Ооруканада дарыгерлер анын документтерин таап, эжеси Ширелл Пауэллге байланышат. Ал ооруканага барган учурда инисинин келбети өзгөргөндүгүн байкаган, бирок анын бети шишип кеткендиктен бул өзгөрүүгө көп деле маани берген эмес. Кийинчерээк дарыгерлер Кларэнстин мээсинин иштөөсү токтоп калганын айтышкан. Ширелл жакын туугандарына коштошуп кетүүсү үчүн байланышып, инисинин жашоосун узартып келген аппаратты өчүрүүгө макулдугун берген.
Бирок экспертизанын жыйынтыгы көрсөткөндөй каза болгон адам Ширелл Пауэллдин инисине аты-жөнү, жашы, келбети окшош башка адам экени маалым болгон. Ал эми Ширелл Пауэллдин чыныгы иниси ал учурда түрмөдө жаткан. Мындан улам башка адамдын өлүмүнө макулдугун берген Ширелл Пауэлл окуя болгон ооруканадан кетирген катачылыгын оңдоо талабы менен сотко кайрылган.