Бүгүн америкалык актёр, ырчы жана композитор Жастин Тимберлейк 38 жашка толду. Ал 1981-жылы 31-январда АКШнын Теннесси штатындагы Мемфис шаарында жарык дүйнөгө келген. Бала кезинен эле Майкл Жексонду кумир тутуп, анын ырларына кызыккан. Ал эми 11 жашында “Жылдыздарды издейбиз” жаш таланттар сынагына катышып, эл алдына чыгуу сапарынын алгачкы кадамын таштаган. Андан көп узабай эле ар кандай теле-шоулорго чакыруулар келип, жаш экенине карабай Уолт Диснейдин “Микки Маус” балдар клубунда иштеген. Ал Бритни Спирс, Кристина Агилера, Райан Гослинг сыяктуу келечектеги кесиптештери жана атактуу ырчылар менен дал ушул жерден таанышкан.
“Микки Маус” клубунда 2 жыл иштегенден кийин кайрадан өз ата-энесинин колуна кайтып келет. Бирок ырдабай тынч жата албасын түшүнгөн Жастин Орландо шаарын көздөй бет алат. Жаңыдан эл көзүнө илине баштаган 14 жашар ырчы жигит тез эле жаңы түзүлүп жаткан топко кабыл алынат. Топтун курамына Жастин курактуу 5 бала кирип, алардын аттарынын акыркы тамгаларын кошуп, топту “N SYNG” деп аташкан. Алардын эмгегинен жаралган алгачкы альбому да “N SYNG” деген аталышта чыгып, топтогу балдар тез эле элдин сүймөнчүгүнө айланышкан.
Жастиндин ыр жазуу таланты бар экенин байкаган топтун продюсерлери 1993-жылдын аягында жазылган ырлардын көпчүлүгүн толук ишеним менен тапшырышкан. Көпчүлүк мектеп жашындагы дүйнө жылдызы Жастинди “Сулуу жигит”, “Тармал чач” деген ат менен таанышкан. Ал учурда энергияга толгон ырчы жигит мектептеги окуусунан тышкары ырдаганга жана актёрлук курстарга да катышууга жетишкен. Топтун экинчи альбому “Кышкы альбом” 1998-жылы, ал эми 2000-жылы “Шартсыз” деген аталышта чыккан үчүнчү альбому “N SYNG'ге” көптөгөн популярдуулук алып келген. 10 миллион нускада чыккан бул альбомдун бир күндүк сатылышы 1 миллионго жетип, дүйнөлүк рекордду жараткан. Убакыттын өтүшү менен талыкпас эмгектин артынан Жастин дүйнөлүк атактуулукту багындырат.
1990-жылдардын аягында эң популярдуу ырчылардын катарына кошулуп, 2002-жылы жеке карьерасы үчүн иштөөнү чечкен. 2002-жылы өзүнүн алгачкы “Негизделген” аттуу альбомун жараткан. Бирок бул альбомдун аталышынын дагы бир “Жастиндештирилген” деген мааниси эл арасында кенен тараган. Андагы “Көз жашка толгон дарыя” чыгармасы менен MTV музыкалык каналы уюштурган Европа ырларына сыйлык тапшыруу аземинде “Эң мыкты альбом”, “Эң мыкты аткаруучу” жана “Эң мыкты поп-ырчы” деген наамдардын ээси болуп кайткан. Ал эми 2003-жылы популярдуу жана сапаттуу видео тасмаларды аныктоо аземинде “Көз жашка толгон дарыя” ырына тартылган клиби үчүн “Эң мыкты видео тасма”, “Эң мыкты бий тасмасы” наамдарына татыктуу болгон.
1997-жылдан 2002-жылга чейин ырчы Бритни Спирс менен сүйүү мамилесинде болгон. 2003-жылы Жастин Тимберлейк актриса Камерон Диас менен мамиле куруп, 2007-жылдын башында түгөйлөрдүн ортосундагы байланыштын үзүлгөнү айтылган. Ошол эле жылы Жессика Бил менен таанышып, 2012-жылы күзүндө ага баш кошкон. 2015-жылы жазында белгилүү түгөйлөр Сайлас Рэндалл Тимберлейк аттуу уулдуу болушкан.
31-январдын жылнаамасы.