super.kg logo

"Акыркы жолу сүйлөшкөнүбүздө "апа, апа" деп кыйкырып, байланыш үзүлгөн" дейт 6 айдан бери дайынсыз болуп жаткан аскер кызматкеринин апасы

 

Балыкчыдагы аскердик бөлүмчөнүн командири Эмилбек Бактыбековдун дайынсыз болуп жатканына 6 айдан ашты. Апасы Майрамкан Үсөнова SUPER.KG порталына кайрылып, уулу дайынсыз болгон күндөн тартып тынч уктай албай калганын айтты.

Эмилбек Бактыбеков 2015-жылдан тартып Чүйдүн Кой-Таш айылындагы аскердик бөлүктө кызмат кылган. Кийин 2018-жылдын апрель айында Балыкчы шаарындагы аскердик бөлүмгө которулган.

"Балам Балыкчыдагы аскер бөлүктө кызмат өтөп жүрүп, лейтенант аскердик наамынан кийин, улук лейтенант наамын алган. Анда бизге кубанычы менен бөлүшүп чалып, аны Ошко которуп жатканын да айткан болчу.

Ошондо 24-июль болчу, "Апа, жакында 6-7 аскер кызматкерлери менен үйгө барам, бизди коноктойсуңар" деген кубанып. Ошондон көп өтпөй эле телефону өчүп, байланышпай калдык. 3 күн дайыны жок болду. 27-июлда мен кайра чалсам телефонду алып "Апа, апа" деп 2 жолу кыйкырды да, байланыш үзүлүп калды. Кийин атасы келип, "бүгүн уулуң менен сүйлөштүм, карыздарым бар эле төлөп коюңузчу дейт" деп айтып келди. Ошондон кийин телефону такыр иштеген жок.

Кийин күйөөм Балыкчыга барып кийим-кечесин алып келди. Ал жерде "балаң эмгек өргүүсүнө чыккандан кийин дайынсыз болуп жатат, биз эч нерсеге жооп бере албайбыз" дешиптир. Бирок бөлмөсүндө бардык кийимдери илинип эле туруптур. Болгону аскердик параддык кийими жок, анын да баш кийими бөлмөсүндө экен. Демек, ал өзү алыска барууну пландаган эмес, болбосо кийим-кечесин даярдамак да", - дейт эне көз жашын тыя албай.

Айтымында, Эмилбек Бактыбеков үйдө улуу баласы, ал аскер кызматында иштөөнү эңсеп жүрүп, өз ыктыяры менен ушул жолду тандап алган.

"Ошондон бери алты ай өтүп жатат. Балыкчыдагы аскер кызматынан бир адам басып келип, абалыбызга кызыгып койгон жок. Итиң жоголсо да издейсиң да, алар болсо эмгек өргүүсүндө жоголду дегенди бетке кармап алышты. Ош облустук аскердик прокуратурасына 2 жолу чакырып түшүнүк кат алышты. Андан башка табышууга такыр жардам көрсөтүлгөн жок. Дайынсыз болгондон көп өтпөй Бишкек шаарындагы Свердлов райондук ички иштер бөлүмүнө да арыз жазганбыз. Андан да жыйынтык чыккан жок.

Алты айдан бери аскер кызматкеринин дайынын таба албаган Куралдуу күчтөргө, күч органдарына таң калып жатам. Мен болсо кан басымым көтөрүлүп, ооруп калмай болдум. Уулумдун дайыны жоголгон күндөн тартып уйкуну унуттум, кантип уктайм, баламдын аман же башка экенин билбей жатсак", - дейт Үсөнова.

Эмилбек Бактыбековду көргөн-билгендер болсо, 0550 93 12 16, 0703 53 50 40, 0771 74 76 23 номерлерине байланышып, анын жакындарына кабарлап коюуну апасы Майрамкан Үсөнова өтүнөт.

SUPER.KG порталы экинчи тараптын пикирин угуп жарыялоого даяр.


кошулду


 
 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рейтинг: Рейтинг 1 
Комментарийлер(9)
31.01.2019. 19:25 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
308
Катталган:
23-10-2011
Соӊку аракети:
17-02-2019 23:15
Жынысы:
Белгисиз
+20
Эх Кудайым аман эсен табылып калса экен амиин
31.01.2019. 20:47 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
247
Катталган:
02-12-2016
Соӊку аракети:
18-02-2019 22:40
Жынысы:
Белгисиз
+8
Былтыры Ош базардан коргондор бар экен деп жатышпады беле же калп бекен
01.02.2019. 08:22 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
12
Катталган:
27-10-2012
Соӊку аракети:
18-02-2019 16:25
Жынысы:
Белгисиз
Калаасы:
Ош
+27
Жоголгон аскерин издебеген мамлекетке кантип кызмат кылгын келет
01.02.2019. 09:48 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
235
Катталган:
15-08-2017
Соӊку аракети:
16-02-2019 19:55
Жынысы:
Белгисиз
+4
Балдарыбызды кантип жиберебиз , ушундай корунуштор боло берсе .Эмне учун олко башчылар козомолго албайт.Аскери жок мамлекет- ал мамлекет эмес.
01.02.2019. 10:04 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
19
Катталган:
29-07-2016
Соӊку аракети:
18-02-2019 10:54
Жынысы:
Белгисиз
Калаасы:
Там где счастье)
+4
Оздору эле олтуруп комуп койушкан ондуу, болбосо бироо болсода басып келмекда.. эмгек оргуусуно чыкканы желе жалганго менимче, болбосо ата энеси билмекда...
01.02.2019. 11:02 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
172
Катталган:
05-05-2018
Соӊку аракети:
18-02-2019 22:44
Жынысы:
Белгисиз
Калаасы:
Уч-Коргон
0
Мамлекет ХХХсунор, мындан бетер акыбалга тушкулочу, мен ушуну каалайм!Эл башына келгенин сезбеген,озунордун башынарга тушуп кан жутуп ыйлагыла,бул да кем силерге,
monster_high_98 түзөттү 2019-02-01 11:02:36
01.02.2019. 14:59 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
18
Катталган:
15-07-2018
Соӊку аракети:
18-02-2019 14:53
Жынысы:
Белгисиз
-1
Мен таң калып жатам мамлекеттик жумуштагы ар бир жаранды керек болсо бир саат жумуштан кечиксе издеп кабар алып сурап табышат. Күч органдарындагы кызматкерлерди жөн эле үоюп койушпайт алар сөзсүз издеп таап 2 саат аралыгында дайынын билип коюшат. Бул жерде жоголгон баланын өзүндө бир мандем бардай го. Аскер кызматындагыларды жарым саат кечиксе да түшүн кат жаздырышып тартипти катуу кармашчыле.
01.02.2019. 19:19 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
251
Катталган:
03-01-2016
Соӊку аракети:
18-02-2019 12:16
Жынысы:
Белгисиз
-1
BTFB93,отпускада экен го баласы.ошон учун жооп бере албайбыз дешиптир
01.02.2019. 16:21 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
13
Катталган:
03-11-2011
Соӊку аракети:
06-02-2019 18:33
Жынысы:
Белгисиз
Калаасы:
Россия
+1
Ошол бөлүмдүн главныйын камаш керек
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде 0 колдонуучу (Катталган: 0, коноктор: 0) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
122423;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2019 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Күрөӊкеев көчөсү - 180
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: