Жогорку Кеңештин депутаттарынын демилгеси менен коомдук жайларда, тамактануучу жерлерде, бардык мекемелерде жана коомдук транспорттордо тамеки чегүүгө тыюу салуу боюнча мыйзам долбоору талкууга коюлду. Ага ылайык, депутаттар эми чылымды жарнамалоого да уруксат бербөө керектигин белгилешкен.
Мыйзам долбоору Жогорку Кеңештин расмий сайтына жарыяланды.
Мыйзам долбоорунун аталышы "Кыргыз Республикасынын жарандарынын ден соолугун тамекини керектөөдөн жана айлана-чөйрөдөгү тамеки түтүнүнүн таасиринен коргоо жөнүндө" .
Бул долбоорду демилгелегендер: Алмазбек Токторов, Айнура Алтыбаева, Асылбек Жээнбеков жана башкалар.