Эл аралык террордук уюмдун мүчөлөрү кармалды. Бул тууралуу УКМКнын басма сөз кызматы кабарлады.
Маалыматта С.А. УКМК уюштурган диний-экстремисттик уюмдардын мыйзамсыз иш-аракеттерин алдын алуу боюнча иш-чаралардын жүрүшүндө кармалганы айтылат.
"Шектүү экстремисттик материалдарды интернет аркылуу социалдык тармактарга таратып, чет өлкөлүк жарандарды Кыргыз өлкөсүнүн жасалма паспорттору менен камсыз кылып турган.
Ошондой эле террористтик мүнөздөгү оор жана өзгөчө оор кылмыштарды жасагандыгы үчүн издөөдө жүргөн Б.Н. аттуу жаран да кармалды. Ал шектүү С.А. жасап берген жасалма документтер менен Кыргыз өлкөсүнүн аймагында жашынып жүргөн", - деп билдирет УКМК.
Азыркы убакта прокуратура органдары тарабынан кылмыш иши козголуп, кармалган адамдар УКМКнын тергөө-камак жайына киргизилип, иликтөө иштери жүрүүдө.