Москвада 200дөй имаратка бомба коюлганы тууралуу телефон аркылуу маалымат түшкөн. Бомба соода борборлору, мектеп, бала бакчаларда, оорукана, музей, университеттерге бомба коюлганы айтылган. 100дөн ашуун имараттан 25 миңдей адам эвакуацияланды. Бул тууралуу орусиялык басылмалар жазышууда.
ТАСС агенттиги укук коргоо органдарындагы жеке булактарына таянып бомба тууралуу маалыматтар чет өлкөлөрдөн, анын ичинде Украинадагы IP-даректерден келип түшкөнүн жазды.
Жардыруучу зат Москва облустук өкмөт үйү, "Водный" соода борбору, "Борборлордун шаары" мунарасы, Строганов атындагы көркөм өнөр жай академиясы, Тимирязев атындагы Орусия мамлекеттик агрардык университетинин имаратына коюлганы тууралуу да билдирүү түшкөн.