Убагында Кыргыз өлкөсүнүн желегин эл аралык сынактарда желбиреткен эстрада ырчысы Курал Чокоев продюсерлик иш баштаганы турат. Бул тууралуу маалымат алуу үчүн ырчынын өзүнө байланышканыбызда төмөндөгүлөргө токтолду:
"Шерхан Абкулов аттуу жигитке продюсерлик кылып баштадым. Бул жигит менин өкүл балам болот. Шоу-бизнеске аралашканына көп убакыт болду. Ыр, клиптери бар. Аны өзүмдүн көзөмөлүмө алдым, буюрса, сахнага чыгаралы деген жакшы ойлорубуз бар. Жакында эле "Кыздар, ай" аттуу ырды жаңыртып, дуэт аткардык", - дейт Чокоев.