Жогорку Кеңештин депутаты Канат Исаев 1975-жылы 7-февралда Чүй районуна караштуу Кошой айылында туулган. Ал 1996-жылы Кыргыз мамлекеттик улуттук университетинин эсеп-коммерция факультетин бүтүргөн.
- 1997-2000-жылдары Мамлекеттик салык кызматынын кызматкери;
- 2001-жылы Бишкек шаарынын Свердлов райондук Мамлекеттик салык кызматынын тышкы көзөмөл боюнча бөлүмүнүн башчысы;
- 2002-2005-жылдары "Тынай-Ата" биргелешкен дыйкан чарбасынын жетекчиси;
- 2005-жылы Каржы министрлигинин кирешелер боюнча департаментинде фискалдык саясат башкармалыгынын жергиликтүү салыктардын бажы саясаты боюнча бөлүмүндө башкы адис;
- 2006-2008-жылдары "Кыргызгаз" акционердик коомунун Чүй башкармалыгынын жетекчисинин орун басары;
- 2008-2010-жылдары Токмок шаарынын мэри;
- 2010-жылы "Республика" партиясынын тизмеси менен Жогорку Кеңештин V чакырылышынын депутаты;
- 2013-2015-жылдары өкмөттүн Чүй облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү;
- 2015-жылы "Кыргызстан" партиясынын тизмеси менен Жогорку Кеңештин VI чакырылышынын депутаты болуп шайланган.
7-февралга карата жылнаама.