Депутат жаштар "Таблиги жамаат" агымына кошулуп жаткандыгы тууралуу маалыматты УКМК текшериши керектигин айтты

Бүгүн, 7-февралда Жогорку Кеңештин жыйынында депутат Ирина Карамушкина "Ислам таануу" институту жүргүзгөн сурамжылоого ылайык, жаштар "Таблиги жамаат" дин агымына кошулуп жатканын айтып, УКМКны аталган маалымат боюнча текшерүүгө чакырды.

"Жакында эле "Ислам таануу" институту медреседе окуган балдардын арасынан сурамжылоо жургүзүшкөн. Алар сурамжылоонун жыйынтыгын коомдук талкууга койгон. Маалыматта "Жаштардын көбү динге берилип жатат. Жаштардын басымдуу бөлүгү кайсы бир дин агымына кошулган эмес, ал эми кошулгандардын көбү "Таблиги жамаат" агымына кошулууда" деп ачык жазылган. Эмне себептен бул жерде аталган дин агымын популярдуу кылып жатышат? УКМКны буга көңүл буруп, тиешелүү иштерди жүргүзүүгө чакырат элем. Медреселерде балдар кайсы программа менен окутулуп жатканын аныктоо керек. Эмне себептен биздин жаштар ал диний агымга кошулууда? Билим берүү жана илим министрлигин жана муфтиятты медреседеги окутуу программаларына көңүл бурууга чакырам", - деди ал.

Маалымат үчүн: Кыргыз өлкөсүндө тыюу салынбаган "Таблиги жамаат" агымы ШКУга мүчө мамлекеттерде экстремисттик деп табылган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (18)
AIA-TOO
2019-02-07 12:34:58
Ушул Карамушкина батыраак эле ЖК дан кетсең экен.
+6
zhaku2017
2019-02-07 12:34:59
Жаштардын светтик коз карашын жогорулатыш керек. Ислам Дини бул жон гана арабтардын иштеп чыккан концепциясы. Ислам дини бугунку кундо жаштардын ан сезимине илгерки фунтенталисттик тушунукторду киргизип жатышат. Динге берилбейлик. Пайда жок. Диндеги коп нерсенин баары жалган. Исламдын тупку максаты кыргыздарды арабаштыруу саясаты болуп жаткандай.
-7
555-777
2019-02-07 13:10:37
zhaku2017,Сен ошондо мусульман эмес тенирчисинби?
+7
zhaku2017
2019-02-07 13:30:28
555-777,
Мен атеист мусулманмын. Ислам мен учун арабтардын коз карашын жайылткан чон идеялогия. Кудайга ишенсем да бугунку исламга эч ишенбейм. Себеби ислам ишеним эмес жон гана арабтардын геосаясаты экенине козум жетти.
-7
555-777
2019-02-07 13:53:50
zhaku2017,Атеист мусулманмын??? Кудайга ишенбеген адам кантип мусулман болсун?
+7
zhaku2017
2019-02-07 14:08:43
555-777,
Кыргызстандын 3% гана намаз окуган динчилдер. Калганы исламдагы жасалма кооз идеяларга ишенишпейт. Ислам бул арабтардын орто кылымдагы жашоо образын тануулаган идеялогия экенин копчулук эл билишет. Ошол учун жеке убактыларын намазга барып бекерге кетиргилери келишпейт.
-6
555-777
2019-02-07 14:12:51
zhaku2017,3%? Эмне сен озун лично сурамжылоо жургуздунбу? Сен айткан статистика наоборот болушу мумкун. Сен аны муну коюп айтчы Ислам дини сени эмне сага тоскоолдук кылып жатат не себептер менен сени онуктурбой жатат? Европанын онуккон олколорунун сап башында турган Германия деле Ислам динин расмий дин катарында кабыл алыштыго
+4
yrmat88
2019-02-07 13:26:45
Урматтуу кыргыз элим. Кудай бир гана журокто гана болот. Исламга берилип ар кайсы жааматтардын ичинен Кудайды издебегиле. Ал жакта жок. Динге берилип арабтардын ою менен болбогула. Ислам жааматтары булар ар кайсы ислам экстримисттик идеяларды жайылттып жатышат. Табилий жаамат экстиримттик уюм деп коп олкодо таанылган. Бул экстримисттик уюмга Асылбек жээнбековтун тиешеси бар дешет. Жакшылыкты диний фанатизмден эмес, билим жана эмгектен издегиле.
-2
BekAmir
2019-02-07 13:32:32
Карамушкинага ишенбегиле ал кишиге биздин Кыргызстандын келечеги кызыктырбайт
+5
Alinur96kg
2019-02-07 13:43:37
BekAmir,башка депутаттарга деле кызыктырбайт. Баары эле бирдей.
+5
Aikaaaa
2019-02-07 18:54:15
BekAmir, чем биздин кыргыз улутундагы жарандарыбызга караганда ушу анча мынча орус улутундагы мекендештерибиз патриот болуп, Кыргызстандын туусун желбиретин атышат чет өлкөлөрдө. Калп эле сүйлөй бергенде эмне. Же кыргыз эмес, же араб эмес
-1
Mirlan27011987
2019-02-07 14:15:59
Чынында динге берилгенден жашообуз онолуп кеткен жок. Ислам табили жаамат уюмдарын жабыш керек. Булардын тупку максаты кыргыз элине арабтардын 7 кылымдагы шарыят башкаруусун орнотуу болуп жатат. Бул учун диний жамааттар динчилдерлин санын кобойтуп, алардын мээсине шарыятты мактап аягы диний фанаттарды оз максатына пайдаланышы мумкун. ГКНБ жааматтарды текшергиле.
-2
filis
2019-02-07 15:19:46
Диний уюмдардан Кудайды издеп журобуз деп жаштар алданып журосунор. Эгер ишеними таза болсо, андай адамга эч кандай уюм, жааматтардын кереги жок эле да. Бул жерде бир кызыкчылык бар. Таблиги жамаатын негизги максаты бара бара чон саясий партияга айланып, тегерегиндеги фанаттардын аркасы менен бийликке, басым коргозот. Мындай окуялар эчак эле тарыхта далилденген.
-3
KAYRATBEK
2019-02-08 00:35:12
filis,байкушум ай байкушум эмне мынча акылын тайкы болбосо.
0
Aikaaaa
2019-02-07 18:59:36
Чын эле кайдагы бир окшошпогон нерсени окшоштуруп, жомок кылып айтып отурушат. Ага караганда балдардын жомогу чындыка окшошот. Бул кетишибизде арабдар келатат дешсе сүйүнүп кетип эле кучагыбызды ачып беребиз го. Абдан акылдарыбыз тайкы болуп жатат. Ойлондурчу иш, жакшылап иликтеш керек
-3
Bekturbek
2019-02-07 20:16:56
Путинден кат келген окшойт Карамышыка
-2
KAYRATBEK
2019-02-08 00:33:48
карамушкинага жолдо арактан башын которо албай жатып калган КЫРГЫЗДАР керек.

карамушкинага уурулар кобоюп бирин бири союп олтуруп аткан КЫРГЫЗДАР керек.

Карамушкинага арактан Уй булоолор ажырашып Уй булоолору талкаланган КЫРГЫЗДАР керек.


карамушкинага дини жок илими жок КЫРГЫЗДАР керек.

Коп жаштар арактан арылып уурулуктан арылып жаман арам иштерден арылып туз туура жолго тушушуно дал мына ушул даблиги жамааттын 95%нын пайдасы.
0
Muzik
2019-02-09 10:43:01
Билим алып окугулачы айланайындар,балдарынардын билимин да козомолдогуло,Таблиг деген соз арабчада жок,бул Индиянын созу,таблиг жамааттагылардын максимум даватка бара турган жери Бангладеш,ал да Индияда,эркектерибиз кийип жургон узун койноктор да Индия Пакистандын улуттук кийими,тизеге чейин койнок эки чети айрык,Пайгамбарыбыз (С.А.В) араб,арабдар кандай кийинерин интернеттен коргуло,биздин дааватчылардан башкача.
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан