Бүгүн, 7-февралда Жогорку Кеңештин жыйынында депутат Зиядин Жамалдинов текшерүүчүлөр ата мекендик өндүрүүчүлөргө кысым кылса, иш жүрбөй кала турганын айтты.
"Мага бир сүт заводунан кат келип түштү. Алар 2016-2017-жылдары Экономикалык кылмыштарга каршы күрөшүү кызматы тарабынан катуу текшерүү болуп, ошондон бери текшерүүлөр үзүлбөй жатканын жазышыптыр. Жакында 27-январь күнү заводго дагы текшерүүлөр барыптыр. Биз өзүбүздүн ата мекендик өндүрүүчүлөрдү колдобосок, текшерүүлөр аларды кыса берсе жумуш жүрбөйт. Ошончо текшергиси келсе чет жактан келген азык-түлүктөр бар. Ошолордун мөөнөтү өткөнүн, нормага туура келбегенин текшеришпейби. Сүт заводуна колдоо көрсөтүү керек", - дейт Жамалдинов.