super.kg logo

Депутат Эркиндик бульвары итканага айланып баратканын айтты

 

Бүгүн, 7-февралда Жогорку Кеңештин жыйынында депутат Кожобек Рыспаев Эркиндик бульвары итканага айланып баратканын, ага чара көрүү керектигин айтты.

"Мактанарлык бир эле бульварыбыз бар, ал - Эркиндик бульвары. Эртең мененки саат 7ден тарта жөө бассаңыздар адамга караганда иттер көп. Алар газондорду булгап жатышат, аны тазалаган эч ким жок. Ээлери иттерин карабай, алардын каргысы, жетелөөчү жиби же тумшук каптары да жок жүрүшөт. Илгери ит атарлар бар болчу, бүгүнкү күндө бульвардын ичин карасак итканага окшошуп баратат. Көчөдө жолбун иттер көбөйүп кеткени да байкалууда, аларга ыкчам чара көрүү керек. Бул көрүнүш адеп-ахлакка жатпайт. Ал жакка кичинекей балдар барып ойнойт, ар кандай оорулар жугушу мүмкүн. Мэрия бул нерсеге көңүл буруп, тиешелүү иш-аракеттерди жүргүзүшсүн", - деди Рыспаев.



 
 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(5)
07.02.2019. 11:29 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
1576
Катталган:
11-01-2017
Соӊку аракети:
21-02-2019 15:48
Жынысы:
Белгисиз
+10
Ак уйдо да кобойуп кетти, ошол жакты бир карап койсонор.
08.02.2019. 00:41 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
268
Катталган:
14-02-2016
Соӊку аракети:
21-02-2019 19:05
Жынысы:
Белгисиз
+1
bond02,ичти эздин да
07.02.2019. 11:36 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
191
Катталган:
26-09-2017
Соӊку аракети:
21-02-2019 18:48
Жынысы:
Белгисиз
+3
Эн туура айты жаны конуштар да жолбун иттер коп болуп кетти озгочо АК ордо 3 то меря конул буруп койсонор....
07.02.2019. 12:16 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
189
Катталган:
30-05-2013
Соӊку аракети:
21-02-2019 16:00
Жынысы:
Белгисиз
-7
Ушулда маселеби,ушугада башкатырмабы, ойтобо
07.02.2019. 12:31 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
185
Катталган:
18-08-2018
Соӊку аракети:
21-02-2019 14:53
Жынысы:
Белгисиз
Калаасы:
Ала-Тоо...
+7
Өтө туура айтыптыр, бирден итин жетелеп прогулка кылып жүргөн орусу деле кыргызы деле ошончо. Чара көрүү керек, иттерин башка талаа жактарга айлантсын.
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде 0 колдонуучу (Катталган: 0, коноктор: 0) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
122648;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2019 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Күрөӊкеев көчөсү - 180
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: