super.kg logo

Бишкектин 4 миңдей жашоочусунун ичинен 3 миңден ашыгы электр жарыгы өчүрүлгөн күндүн эртеси карызын төлөдү

 

Кечээ, 6-февраль күнү "Түндүк электр" ачык акционердик коому тарабынан Бишкек шаарындагы карызын өз убагында төлөбөгөн 4 миң колдонуучунун электр энергиясы кесилди. Бул тууралуу аталган ачык акционердик коомдон билдиришти.

Белгилүү болгондой, 7-февралга карата электр жарыгы өчүрүлгөн 4 миң абоненттин 3 миң 199у карызын төлөгөн.

лектр энергиясын коммерциялык эсепке алуу жана маалыматтык-ченөө автоматташтырылган системи карыздардын жалпы суммасы 12 миллион 700 миң сомду түзгөн 4 миң абонентке жарык берүүнү токтотту. Бүгүнкү күнгө карата 3199 колдонуучу толук төлөм жүргүзүп, кайрадан электр энергиясына туташтырылды.

“Акылдуу” эсептегичтерге кошулган жана өз убагында төлөм жүргүзүлбөгөн керектөөчүлөрдүн жарыгы дистанциондук түрдө өчүрүлөт. Толук төлөм жүргүзүлгөндүгү тууралуу билдирүү “Түндүк электр” ишканасынын маалымат серверине келип түшкөн соң электр жарыгы кошулат. “Түндүк электр” ААКсы ыңгайсыздыктарга кабылбаш үчүн шаар тургундарын электр энергиясына болгон карызды убагында төлөөгө чакырат", - деп айтылат маалыматта.



 
 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рейтинг: Рейтинг 2 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде 0 колдонуучу (Катталган: 0, коноктор: 0) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
122648;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2019 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Күрөӊкеев көчөсү - 180
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: