super.kg logo

Ош шаарында балдар ооруканасында оңдоп-түзөө иштери жүргүзүлдү

 

Ош облустар аралык балдар клиникалык ооруканасынын бөлүмдөрүндө өткөн жылдын ичинде капиталдык оңдоп-түзөө иштери аткарылды. Бул тууралуу Саламаттыкты сактоо министрлигинин басма сөз кызматынан билдиришти.

"Оорукананын бир катар бөлүмдөрүндө, операция жасоочу бөлүмү, жандандыруу бөлүмү, сыныктар жана ортопедия, тамак-аш даярдоочу жана таштандыларды жок кылуучу бөлүмдөрү оңдолуп-түзөлдү. Андан сырткары, кабыл алуу бөлүмүнө кайрылган жарандар үчүн атайын күтүү залы кеңейтилди. Жасалган иш-чаралардын натыйжасында жогоруда аталган бөлүмдөрдө бейтаптар жана медициналык кызматкерлер үчүн заманбап ыңгайлуу шарт түзүлүп, жаңы техникалык жабдуулар алынды. Алардын арасында, наркоз аппараты, гастроскоп, риноскоп жабдуулары бейтаптардын айыгуусун тездетүүгө өбөлгө түзүп жатат", - деп айтылат маалыматта.



 
 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде 0 колдонуучу (Катталган: 0, коноктор: 0) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
122648;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2019 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Күрөӊкеев көчөсү - 180
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: