Вице-премьер-министр Замирбек Аскаров "Арзан турак жай 2015-2020" программасы медицина, эл агартуу тармагында иштеп жаткан жарандарга багытталган программа болуп эсептеле турганын белгиледи. Бул тууралуу ал бүгүн, 8-февралда "Республика-Ата Журт" фракциясынын жыйынында билдирди.
"Бүгүнкү күндө элдин талабына ылайык, ипотекалык насыянын пайыздык өлчөмдөрү жогору болуп жатат. Бул маселени чечүү максатында иштер жүрүүдө. Жаңы жылдан баштап иш жүрүп жатат. Пайыздык өлчөм боюнча 3 чоң сунуш турат. Жакынкы арада өкмөттө отурум өтөт. Мамлекеттик ипотекалык компаниянын алдына сунуштарды аткаруу боюнча талап коёбуз", - деди Аскаров.
Учурда жыйында аталган компаниянын ишмердүүлүгү тууралуу маалымат угулууда.