super.kg logo

Саламаттыкты сактоо министрлиги Эсептөө палатасынын аудиторун Италияга эмне үчүн жөнөткөнүнүн себебин айтты

 

Буга чейин Саламаттыкты сактоо министрлиги андагы чыгымдар боюнча аудит жүргүзгөн Эсептөө палатасынын инспекторун Италияга жөнөткөндүгү маалымдалган. Маалыматты Башкы прокуратура билдирип, буга республикалык бюджеттен 459 миң 829 сом негизсиз пайдаланылганын белгилеген болчу.

Бүгүн, 8-февралда министрликтин маалымат кызматы Эсептөө палатасынын аудитору кандайча министрликтин каражатына Италияга барып калганына түшүндүрмө берди.

Маалыматка караганда, Саламаттыкты сактоо тармагында донорлор тарабынан каржыланган SWAp долбоору ишке ашып келет.

"Мындай каржылоо Кыргыз Республикасы менен донорлор ортосунда ратификацияланган макулдашуунун негизинде ишке ашат. Ошол келишимге ылайык, сатып алуулардын планы донорлордун макулдугу менен гана түзүлөт. Пландын негизинде 2017-2018-жылдары "Саламаттыкты сактоо министрлигинин жана милдеттүү медициналык камсыздоо фондунун адистерин эл аралык билим берүү борборлорунда окутуу, каржылоо жана аудит жургүзүү потенциалын жогорулатуу" деген пакет иштей турган болгон.

Анда жалаң Саламаттыкты сактоо министрлигинин адистерин гана эмес, Эсептөө палатасы, Каржы министрлиги, Экономика министрлиги жана башка мекемелердин каржы түзүмдөрүндө иштеген кызматкерлерди окуудан өткөрүү каралган.

Саламаттыкты сактоо министрлиги окууга бара турган талапкерди тандоо сунушу менен Эсептөө палатасына кат жөнөткөн. Бара турган адис аныкталгандан кийин министрлик тарабынан макулдук алуу үчүн донорлорго кат жолдонгон. Донорлор макулдук берген соң Эсептөө палатасынын адиси Турин шаарындагы эл аралык окутуу борборуна барган", - деп айтылат маалыматта.

Башкы прокуратурадан Эсептөө палатасынын инспекторунун Италияга барышы мыйзамсыз экенин билдиришти.

"Ден соолук-2" улуттук программасынын алкагында саламаттыкты сактоо системин реформалоо жүрүп жаткан. Программаны министрлик жана анын өнөктөштөрү мыйзамдуулук сакталган, мамлекеттик бюджеттен кошумча каражат сарпталбаган шартта ишке ашырышы керек эле. Эсептөө палатасынын инспекторунун Италияга болгон сапарына "Ден соолук" программасынын алкагында Саламаттыкты сактоо министрлигине бөлүнгөн каражат сарпталган. Инспектор өз милдетин аткарып жаткан учурда (аудит жүргүзүп жаткан маалда) окууга кетип калган", - деп билдирет Башкы прокуратура.



 
 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(2)
09.02.2019. 22:24 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
30
Катталган:
21-01-2017
Соӊку аракети:
21-02-2019 16:48
Жынысы:
Белгисиз
0
10мин доллар жол киреси, жатаканасы болсо. Дагы чөнтөгүнө 10 миң доллар салып берип эс алууга жөнөткөнбүз дегиле. Балким андан да көп бергендирсинер, сол чөнтөккө кетип жаткан акчаларды жабуу үчүн. Счетный палатанын инспекторлору райадминстрациядан 500 миң сомдон ашык акча алмай сайын кетпегенден кийин, министрликтен 500 миң долларсыз кетпесе керек. Табымыш болгонунар 500 миң сом болуптур да.
09.02.2019. 22:26 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
30
Катталган:
21-01-2017
Соӊку аракети:
21-02-2019 16:48
Жынысы:
Белгисиз
0
Элдин баары лох, биз акылдуубуз деп актанганынарбы бул, тимеле келесоо ойлойсуңар го элди э?!
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде 0 колдонуучу (Катталган: 0, коноктор: 0) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
122648;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2019 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Күрөӊкеев көчөсү - 180
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: