Өзүн кыргыздын деми атаган ырчы Гүлзат Мамытбектин мурдагы күйөөсү кечээ, 8-февралда орун алган чыр боюнча пикирин SUPER.KG'ге билдирди.
Кечээ, 8-февралда Гүлзат Мамытбек социалдык тармактагы баракчасына балдарын ала албай жатканын айтып видеосун жүктөгөн. Ал видеодо көз жашын төгүп: "Балдарымды алайын деп барсам атасы бербей койду. Өзүмдүн үйүмө өзүмдү киргизбейт. Мен балдарым үчүн акырына чейин күрөшөм! Эч нерседен коркпойм!" - деп айткан.
Бул боюнча Гүлзат Мамытбектин мурдагы жолдошу Талант Курманкулов төмөнкүлөрдү айтып берди:
"Мен Гүлзатты сотко бергем, азыр соттук иштер уланууда. Гүлзат мурун 5 айлык баламды бала багуучуга берип салып, өзү Америкага кетип калган. Америкадан келгенден кийин муну эшикке чыгарып койгом. 5 айлык баланы бир кемпирдикине таштап коюп, балам ал үйдө 1 күн эмес, жума, айлап жашайт экен. Ошондон кийин мен балдар, кыздарымды алып келгем. Гүлзат өзү мага нотариус аркылуу келишим жазып берген. Анда балдарым 18 жашка чейин мени менен болот деп жазылган. "Мен ишемби күнү алып кетем жана жекшемби күнү алып келип берем" деген. Жакшы түшүндүрдүм, болгон жок. Жактоочусу менен дагы сүйлөштүм, анда дагы болгон жок. Гүлзат үйүмө биринчи жолу келген жок, бул 3-4-жолу кирип келип жатканы", - деди Курманкулов.
Гүлзат Мамытбек жана анын мурдагы жолдошунун бул боюнча пикирин SUPER TV'нын төмөнкү видеорепортаждан көрө аласыздар.