"Бакай Банк" менен "GERGERT SPORT" дүкөнүнөн жаңы сунуш! Эми каалаган спорттук товарларды насыяга ала аласыз

"Бакай Банк" ачык акционердик коому "GERGERT SPORT" дүкөнү менен биргеликте жаңы акысыз насыялык долбоорду баштады. Эми спорттун жана сергек жашоо образынын бардык сүйүүчүлөрү "GERGERT SPORT" дүкөндөрүнүн тармактарынан бардык товарларды күрөөсүз эле акчасын бөлүп төлөө менен алуу мүмкүнчүлүгүнө ээ болду. Кардарлар ала турган товарына бир эле күндө ээ болот, муну менен катар "Бакай Банк" ал товар үчүн акчаны 12 айга бөлүп берүү мүмкүнчүлүгүн түзөт. Мындай шартта кардар такыр кыйналуусуз товар акысын төлөй алат.

"Бакай Банк" аркылуу аталган дүкөндөн товар алгандар товардын гана акчасын төлөйт, ашыкча эч кандай каражат кошулбайт. Мындай насыя түрүн алуу үчүн кардарлар "Бакай Банктан" керектөөчүлөрдүн "Gergert менен жашоо мыкты" насыясын алуу керек.

Насыялар жеке жактарга 3 айдан баштап 12 айга чейин берилет.

100 миң сомго чейин - кепил берген адам жок эле берилет.

100 миң сомдон жогору болгон насыяларды алуу үчүн - кепил болуу үчүн 1 адам керек.

* Минималдык сумма: 20 миң сом;

* Максималдуу сумма: 150 миң сом.

Үстөк пайызы 0 пайыз!

"GERGERT SPORT" дүкөнүндө товарлардын түрү абдан көп. Насыяга төмөндөгү буюмдарды алса болот:

- лыжа тебүү үчүн жабдуулар;

- велосипеддер;

- теннис ракеткалары;

- сууга сүзүү үчүн каражаттар;

- трекинг жана чуркоо үчүн кийимдер;

- спорттук бут кийимдер;

- спорттук рюкзак, чемодандар.

Керектөөчүлөр үчүн "Gergert менен жашоо мыкты" насыясын "Бакай Банктан" алуу абдан жөнөкөй. Бул үчүн "Бакай Банктын" башкы кеңсесине - Бишкек шаарындагы Исанова көчөсүнүн №77 дарегине кайрылуу зарыл.

Кардар:

* Паспорт;

* Акыркы 6 ай аралыгында иштеген жеринен алган айлыктын аныктамасы;

* Жашаган жеринен аныктама (эгерде Бишкек шаарында же Чүйдө катталган эмес болсо) алып келиши керек.

Кардарларга мыкты шарт түзүү максатында "GERGERT SPORT" дүкөнүнөн "Бакай Банкка" барбай туруп эле товарды алуу мүмкүнчүлүгү дагы каралган. Бул үчүн кардар кредит алып жатканы боюнча арыз жазып, документтерин аталган дүкөнгө калтыруусу керек. "Бакай Банктын" кызматкерлери өзү дүкөнгө келип, жеринде насыя алуу жолдорун толтурушат.

Банк насыя берүү чечимин документтер толук тапшырылган күндөн тартып 1 иш күнүндө кабыл алат. Мындай кызмат Бишкектин аймагында гана жүргүзүлөт. Бардык суроолор боюнча кызыккандар жоопторду 6111 кыска номери, +996554006111 WhatsApp номери аркылуу же www.bakaibank.kg сайтынан алса болот.

"GERGERT SPORT" дүкөнүнүн дареги:

Бишкек шаары, Горький көчөсү 182, 720000

Байланыш номерлери: +996 312 541611, +996 772 921002, info@gergert.kg“Бакай Банк” ААКсы 20 жылдан бери Кыргызстандын тургундарына финансылык кызмат көрсөтүүнүн кенен тармагын жүргүзүп келет. Азыркы тапта өлкөнүн бардык аймактарындагы банктын 76 сактык кассалары менен филиалдары тез жана ыңгайлуу тейлөөнү камсыздайт.


кошулду
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан