"Элдик парламенттин" лидерлеринин бири Бекболот Талгарбековдун жаза мөөнөтү кыскартылганын SUPER.KG'ге Жогорку Соттун басма сөз кызматы тастыктады. Андагы маалыматка караганда, 6-февраль күнү Жогорку Сотто коюлган айып боюнча сот отуруму болуп, Талгарбеков Кылмыш-жаза кодексинин 295-беренеси "бийликти күч менен басып алууга даярдануу" боюнча акталды. Жогорку Сот мындай чечимин кылмыштын курамы жок болгондугу менен түшүндүргөн.
Ал эми Кылмыш-жаза кодексинин 299-беренеси (улуттук, расалык же диний кастыкты козутуу) боюнча тагылган айып өзгөрүүсүз калды. Аталган берененин негизинде Талгарбеков 2017-жылы 5 жылга эркинен ажыратылган эле.
2016-жылдын май айында "Элдик парламенттин" бир канча мүчөсү кармалып, аларга карата кылмыш иши ачылган. 2017-жылдын август айында Биринчи Май райондук соту “Элдик парламенттин” 5 мүчөсүнө карата өкүм чыгарып, Бекболот Талгарбеков менен Төрөбай Колубаев 14 жылга, Марат Султанов 10 жылга кесилип, ал эми Тойгонбек Калматов 5 жылга, Александр Гусев 3 жылга шарттуу түрдө эркинен ажыратылган. Ноябрда иш Бишкек шаардык сотунда каралып, чечим өзгөрүүсүз калган.