super.kg logo
  Саясат  

Финансы министри депутаттарга: "Мен кызматка жаңы эле келсем "кет" деп жатасыңар"

 

Бүгүн, 11-февралда Жогорку Кеңештин комитетинде жаныбарлардын айрым түрлөрүнө аңчылык кылууга тыюу салуу боюнча мыйзам долбоору каралып жатат.

Анда депутат Мурадыл Мадеминов "өкмөттүн бюджетти толтурууга акылы жетпесе кетиши керек" деген пикирин айтты. "Өкмөттүн бюджетти толтурууга акылы жетпесе, мындай өкмөттүн кереги жок. Алар кызматтан кетишип, жеке менчик тармакта иштесин. Ошондо туура болот. Бюджетти толтура албай жатабыз деп бул мыйзам долбооруна каршы чыкканыңар туура эмес", - дейт ал.

Финансы министри Бактыгүл Жээнбаева: "Мен жаңы эле кызматка келсем "кет" деп жатасыңар. Бул мыйзам долбоору кабыл алынса бюджетке канча каражат түшпөй кала турганын сурадыңар, мен жооп бердим. Минтип айтканыңар туура эмес да", - деди.

Мадеминов бул сөз ага тиешелүү эместигин айтты.



 
 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рейтинг: Рейтинг 4 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде 0 колдонуучу (Катталган: 0, коноктор: 0) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
122423;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2019 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Күрөӊкеев көчөсү - 180
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: