"Ош облусуна караштуу Араван районундагы Тепе-Коргон айылынын ички жолдору дегеле бир оңолбой койду. Балдар мектепке кетет да белчесинен баткак болуп келишет". Мындай маалыматты окурман "ЭЛДИК КАБАРГА" билдирди.
"Мисалы, Ынтымак көчөсүнүн аягы көрүстөнгө барат. Өткөндө 95 жаштагы эне каза болуп, сөөк салынган унаа жолдон тыгылып, көрүстөнгө жетпей "өлгөндүн үстүнө көмгөн" болду. Айыл эли мүрзөгө жеткиче улам унааны түртүп чыгарып атып араң дегенде жетишти. Асфальттап бергиле деп деле талап кылып жаткан эч ким жок. Болгону бала-бакыра басканга ылайыктуу кылып шагыл төгүп коюшса жакшы болмок. Мектепке кеткен балдар үйгө белчесинен баткак болуп келишет. Айыл өкмөттөн түңүлүп, акимге чейин арыз жазганбыз. Жооп жок", - дейт окурман.
Урматтуу окурман, эгер сиз да ушул сыяктуу турмуштагы өзгөчө көрүнүшкө, коомдогу маданий, спорттук иш-чарага, жаратылыш кубулуштарына, жол кырсыгына, акция же митингдерге күбө болсоңуз, тезинен сүрөткө, видеого тартып, дүйнө жүзү менен бөлүшүңүз. Интернет ааламы, тагыраак айтканда, SUPER.KG жаңылыгыңызды заматта өлкөбүзгө, Жер жүзүндөгү мекендештерге жеткирет. Алар көрүп, окуп, сиздин кабарыңызга үн кошушат.
Сиз жаңылыкты кыскача баяндап Telegram же WhatsApp аркылуу +996 779 47-39-39 номерине жибериңиз. Ушул эле кызмат (приложение) аркылуу кабардын аудиосун, видеосун, сүрөтүн да жөнөтсөӊүз болот. Кабар саналуу мүнөттөрдүн ичинде порталыбыздын "Соңку кабар" бөлүмүнө чыгат.