"Коопсуз шаар" эртең ишке кирет. Айып пулдун токтому эреже бузган айдоочунун үйүнө жеткирилет

"Коопсуз шаар" долбоору 12-февралда ишке кирет. Тактап айтканда, Бишкектеги унаа жолдордун кесилишине орнотулган камералар айдоочулардын эреже бузуусун каттоого алып, айып пул жаза баштайт.

Бүгүн, 11-февралда Маалыматтык технологиялар жана байланыш мамлекеттик комитети журналисттерди Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынын мониторинг борбору менен тааныштырды.

Мекеменин маалыматына караганда, борбор аппараттык-программалык комплекс аркылуу аныкталган жол кыймылынын эрежелерин бузуу материалдарын иштеп чыгуу менен алектенет. Иштелип чыккан материалдар унаа ээлеринин катталган дарегине "Кыргыз почтасы" ишканасы аркылуу жеткирилет.

Борбордо маалымат алуу үчүн жарандар менен иштөө уюштурулган жана "100" кыска номери боюнча бирдиктүү call-борбор ишке киргизилген. Андан сырткары тийиштүү маалыматтар Жол кыймылы коопсуздугун камсыздоо боюнча башкы башкармалыктын расмий сайтына илинет.

Бишкектеги унаа жолдордун кесилишине орнотулган камералар жол кыймылына байланыштуу 7 эреже бузууну каттоого алат.

Алар:

1. Жол чырактын кызыл белгиси күйүп турганда өтүп кетүү;

2. Каршы тилке менен жүрүү;

3. Тротуар, веложол, газон жана жөө адамдар өтүүчү чийимдер менен жүрүү;

4. Жол чырактын кызылы күйгөн учурда "стоп" сызыгынан өтүп кетүү;

5. Жөө адамдар өтүүчү сызыктан эреже бузуу;

6. Ылдамдыктан ашырып айдоо;

7. Аялдама жана унаа токтоочу жайда эреже бузуу.

Жогоруда көрсөтүлгөн эреже бузуулар боюнча сүрөт жана видеотасма иштелип чыккандан кийин унаа ээсине айып салынганын билдирген токтом жиберилет.

"Коопсуз шаар" долбоорун ишке ашыруу 4 этап менен жүрөт. 2-этап ушул жылдын март айынан башталат.

Айдоочулардын эреже бузуусун каттоого алуу - 1
Айдоочулардын эреже бузуусун каттоого алуу - 2
Айдоочулардын эреже бузуусун каттоого алуу - 3
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (2)
Tekecher
2019-02-11 23:37:45
Супер кг. Сураныч кененирээк жазгылачы таксисттер учун кандай болот? Мисалы: аялдамадан токтоп киши алыш керек болуп калат.
0
Nur777
2019-02-11 23:39:16
А тукурукчу?
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан