super.kg logo

Журналисттердин көз карандысыз уюму министрликтин юристин журналистке карата жазган арызын кайтарып алууга чакырды

 

Лейла Саралаева Буга чейин "Новые лица" гезитинин башкы редактору Лейла Саралаева менен Маданият, маалымат жана туризм министрлигинин юристи соттошуп жатканы маалымдалган. Анда жазылгандай, министрлик редакциядан газетанын жаңы санын алып келип берүүсүн талап кылган. Андан соң Саралаева министрликтин юристи менен байланышып, гезитти алып барып бербесе эмне болорун сураган.

"Сүйлөшүүдө юрист мага сылык жооп берген жок. Мындан улам мен суроомо жооп ала албай калганымды жеке баракчама жарыялагам", - деген Саралаева.

Жеке сүйлөшүүлөрдү коомчулукка жарыялоо менен менин укугумду бузду деген юрист Саралаеваны сотко берип, 57 миң сом төлөп берүүсүн талап кылган. Буга байланыштуу Журналисттердин көз карандысыз уюму министрликтин юристин арызын кайтарып алууга жана журналист менен элдешүүгө чакырды. Уюмдун билдирүүсүндө, Саралаеванын бардык иш-аракеттери мыйзам чегинде болгон.

"Журналист юристке иш убактысында чалып, коомдук мааниге ээ маселе менен кайрылган. Ошол эле учурда журналист менен чиновниктин ортосундагы сүйлөшүүлөр сыр деп эсептелинбейт. Экөөнүн ортосундагы сүйлөшүүлөрдө жеке жашоосуна тиешелүү болгон сөздөр жок.

Кыргыз өлкөсүнүн Журналисттердин көз карандысыз уюму журналисттерди сотко берүү фактыларын сөз эркиндигин чектөө деп баалайт. Мындай көрүнүштөр эркин журналистикага тоскоол болуп, ЖМКга цензураны кайтарып, Кыргыз Республикасынын "Жалпыга маалымдоо каражаттары жөнүндө" жана "Журналисттердин профессионалдык ишмердиги жөнүндөгү" мыйзамдардын аткарылышын чектейт", - деп жазылат уюмдун маалыматында.



 
 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде 0 колдонуучу (Катталган: 0, коноктор: 0) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
122423;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2019 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Күрөӊкеев көчөсү - 180
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: