super.kg logo

Кыргыз Республикасынын Эмгек сиңирген артисти, балерина Асымкүл Баетова каза болду

 

Кыргыз Республикасынын Эмгек сиңирген артисти, балерина Асымкүл Баетова дүйнөдөн кайтты. Бул тууралуу Маданият, маалымат жана туризм министрлиги кабарлады.

"Белгилүү балерина Асымкүл Баетова 76 жаш курагында дүйнө салды. Анын аты Кыргыз өлкөсүндө эле эмес, башка мамлекеттерде да таанымал. Баетованын чыгармачылыгы Бүбүсара Бейшаналиева, Нурдин Түгөлов, Эркин Мадемилов сыяктуу бийчилер менен биргеликте классикалык хореографияны таанууга мүмкүнчүлүк түзүп, көрүүчүлөрдүн баа жеткис мурасын айланган", - деп айтылат маалыматта.

Асымкүл Баетова 1942-жылы азыркы Бишкек шаарында туулган. Ленинграддагы мамлекеттик хореографиялык окуу жайын аяктап, 1959-жылы Кыргыз Опера жана балет театрынын солисткасы болгон.

Ал "Уйкудагы сулуу", "Ромео жана Жульетта", "Дон Кихот", "Спартак" жана башка көптөгөн балеттерде башкы ролду ойногон.

1982-жылы ардактуу эс алууга чыккан.

Министрликтин маалыматына ылайык, балеринаны акыркы сапарга узатуу иш-чарасы эртең, 12-февралда Бишкектин четиндеги Чоң-Таш айылында өтөт.

SUPER.KG порталынын эмгек жамааты Асымкүл Баетованын дүйнө салгандыгына байланыштуу анын үй-бүлөсүнүн жана жакындарынын аза кайгысын тең бөлүшүп, терең кайгыруу менен көңүл айтат.



 
 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде 0 колдонуучу (Катталган: 0, коноктор: 0) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
122423;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2019 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Күрөӊкеев көчөсү - 180
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: