Журналист Эльнура Алканова: “ЖМК өкүлдөрүн жыйынга тандап чакыруунун өзү туура эмес”

7-февралда Ош шаарында өкмөт башчы Мухаммедкалый Абылгазиевдин катышуусундагы жыйынга бир топ журналисттер киргизилбей калган.

Коллегиялык жыйында 2018-жылда Ош шаарын социалдык-экономикалык өнүктүрүүнүн жыйынтыктары талкууланган. Ага мамлекеттик жалпыга маалымдоо каражаттары гана катышканы айтылды.

Дал ушундай көрүнүштөр Бишкекте да болгон. 5-февралда Ички иштер министрлигинин жетекчилеринин маалымат жыйынында кырктан ашык журналист суроо берүүгө үлгүрбөй калган. Анда суроолор ИИМдин басма сөз кызматы алдын ала даярдаган тизме аркылуу берилип, 2 саатка созулган жыйында болгону 16 журналист суроо берген. Алардын көпчүлүгү өкмөткө караштуу ЖМКлар болгон.

Буга байланыштуу SUPER.KG порталынын "Бийлик өзүн сындаган ЖМКларды угуудан качып жатканы туурабы?" деген соболуна журналист Эльнура Алканова жооп берди.

Ал ачык жыйындарга журналисттер тоскоолдуксуз кирүүгө укуктуу экенин айтты.

“Ачык жыйындар жарыяланып, таратылып жатканда тизме менен журналисттерди киргизүүнүн өзү туура эмес. Буга мен терс көз караштамын. Ошол болуп жаткан окуяны чагылдырууну каалаган жалпыга маалымдоо каражаттарынын өкүлдөрүнүн жанында журналист экенин тастыктаган пресс-картасы болсо эч кандай тоскоолдуксуз кирүүгө укуктуу. Бул боюнча мыйзамда дагы жазылган. Негизи тизме менен алдын-ала тактап, ЖМК өкүлдөрүн тандап жыйынга катыштыруу коомго жаман таасир этет. Бул сөз эркиндигине да зыянын тийгизип коёт”, - деди Алканова.

Жарандык активист Адил Турдукулов, коомдук ишмер Абды Сатаров, журналисттер Кайыргүл Урумканова, Турат Акимов жана Жылдыз Бекбаеванын жообу бул шилтемеде.


кошулду
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан