Түркияда аскердик тик учак калк жашаган аймакка кулап, 4 адам каза болду

Түркиянын Стамбул шаарында аскердик тик учак калк жашаган Чекмекёй аймагына кулап түштү. Бул тууралуу чет элдик маалымат булактары жазууда.

Маалым болгондой кырсык кечээ, 11-февралда жергиликтүү убакыт боюнча саат 18:51 чамасында орун алган. Шаар губернатору Али Ерликайя тик учактын ичиндеги 4 аскер кызматкерлери адегенде ооруканага жеткирилип, бирок кийин төртөө тең алган жаракаттарынан улам каза болуп калышканын кабарлаган. Маалыматта белгиленгендей, тик учактын ичиндегилер көз жумган, бирок ал кулаган жерде эч ким жабыркаган эмес. Учурда кырсыктын себептери иликтенүүдө, шаар прокуратурасы бул окуяны көзөмөлгө алган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан