super.kg logo

Мектепте 50 жыл иштеген мугалим окуучуну урду деп талкууга калып, иштен алуу сунушталды. Өзү куру дооматка калганын айтат

 

Жакынкы күндөрдө интернет айдыңына "Аксакал мугалим окуучуну сабап жатат" деген видео тарап талкууга алына баштаган. Улгайган адамга бул талкуу оор тийгенин ал иштеген мектептин директору SUPER.KG порталына айтып берди.

Окуя Жалал-Абад облусунун Сузак районундагы Кара-Март айылдык мектебинде 21-январда орун алган. Мектеп директору Жумакүл Абданбаеванын айтымында, видеосу тараган мугалим мектепте 50 жылдан бери иштеп келет.

"Айылда мугалим жетишсиз. Ал агай физика-математика сабагынан окутат. 14 саат менен иштейт. Бул жылы мен иштен чыгайын деп келгенинен мугалим жетишсиз экенин айтып алып калган элем. Эми ушундай абалга туш болуп отурат.

Бул боюнча жыйналыштар, түшүндүрүү иштери өткөрүлдү. Агай окуучуну урган эмес. Бала 7-класста окуйт, бала да шоктугунан агайды ошол абалга жеткирген. Сабак учурунда алдыңкы партада отуруп алып башка балдарга жымсалдап, шылдың кылып жатыптыр. Мындан улам мугалим аны сыртка, коридорго чыгарып коюптур. Сыртка чыгып алып улуу эле агайды сөккөн экен, ачууланып аны жакасынан кармап жулкулдатып койгон. Класстагы бир кыз видеого тартып алып өзүнүн туугандарына көрсөтүптүр. Ошентип отуруп баланын Орусияда жүргөн ата-энесине жеткен.

Бирок бала экенин ата-энеси түшүнөт да, агайга эч кандай доосу жок экенин айтышкан. Бала эч кандай жаракат алган эмес", - деди Абданбаева.

Ошондой эле мектеп директоруна бул видео коомчулукка тарап, ЖМКлар жайылта баштагандан кийин ал мугалим жумуштан кетерин айтып кайрылган. Бирок мектеп жетекчиси мугалим жетишсиз болуп жатканда аны иштен кетире албай турганын айткан.

"Мектепте 272 окуучу билим алат. Физика-математика сабагынан окуткан дагы бир мугалим бар, ал 24 саат менен иштейт. Мындан улам мен агайды иштен кетире албай жаткам. Бирок кечээ, 11-февралда райондук билим берүү бөлүмүнөн чалышып, иштен алууну сунушташты. Бүгүн ал мугалим келсе бул сунушту айтууга аргасызмын", - дейт ал. Ошондой эле Абданбаева мугалим ушул жылдын апрель айында 77 жашка толо турганын, бирок иш жөндөмү баары жакшы экендигин кошумчалады.

Ал эми мындай абалга туш болгон мугалим абалды түшүндүрүп, өзү видео тараткан. Анда ал "окуучуну урбасам да дооматка калдым" деп айткан.



77 жаштагы мугалим куру дооматка калганын айтат

Мугалим окуучуну урду деп талкууга калды

 
 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рейтинг: Рейтинг 2 
Комментарийлер(29)
12.02.2019. 12:50 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
1352
Катталган:
04-03-2015
Соӊку аракети:
21-02-2019 09:29
Жынысы:
Белгисиз
Калаасы:
Эркин Тоо
+14
Агайын жакалап алган го тиги ыйманы жок баладай эле корунду
12.02.2019. 12:55 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
1075
Катталган:
23-09-2015
Соӊку аракети:
20-02-2019 23:39
Жынысы:
Белгисиз
+8
Азыркы балдар мугалимдерди тоготпойт агайына каяша сүйлөгөнү үчүн өзүн уят кылыш керек ХХХ
Модератор admin_superstan түзөттү 2019-02-12 16:20:10
12.02.2019. 13:10 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
3
Катталган:
23-04-2017
Соӊку аракети:
21-02-2019 12:27
Жынысы:
Белгисиз
+13
Ушундай улгайган мугалимди сөккөнү чын болсо,окуучуну окуучунун ата-энесин жоопко тартыш керек. 30 жыл эмгектенген агайды жоопко тарткандын оордуна.
12.02.2019. 13:11 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
109
Катталган:
28-02-2015
Соӊку аракети:
21-02-2019 05:08
Жынысы:
Белгисиз
+14
Ошол баланы мектептен чыгарып салыш керек болчу мугалимди эмес. Азыркы окуучуларда ыйман деген нерсе жок, тарбиясы жок бала экени корунуп эле турбайбы
12.02.2019. 13:12 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
3
Катталган:
23-04-2017
Соӊку аракети:
21-02-2019 12:27
Жынысы:
Белгисиз
+5
50 жыл эмгек кылыптыр.
12.02.2019. 13:22 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
58
Катталган:
13-04-2013
Соӊку аракети:
21-02-2019 08:55
Жынысы:
Белгисиз
+19
Эхх. Байкуш мугалимдер эмне болобуз минте берсек. Окуучуну сиз дейбиз го жакында.
12.02.2019. 13:38 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
16
Катталган:
05-08-2018
Соӊку аракети:
21-02-2019 09:49
Жынысы:
Белгисиз
+1
Азыркы балдар озу бир шумдук эле тартиптуу болуп бартышат балдарды тарбиялаш кыйын болуп калдыго тел мектепке алып журуго уруксат бербеш кк сабактан чыккандан кийин уруксат берилиш кк
12.02.2019. 13:44 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
5
Катталган:
12-09-2017
Соӊку аракети:
20-02-2019 21:32
Жынысы:
Белгисиз
+4
Сабакка кирип баратканда окуучулар телефонун өчүрүп, калтырып кете турчу атайын шкафтар камсыздалыш керек деп эсептейм. Билим берүү министрлиги муну дыкаттык менен карап чыгыш кк
12.02.2019. 14:31 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
141
Катталган:
18-03-2016
Соӊку аракети:
21-02-2019 11:02
Жынысы:
Белгисиз
+8
Жондон жон эле урбайт!Ошого жеткирген!
12.02.2019. 14:59 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
184
Катталган:
19-07-2013
Соӊку аракети:
21-02-2019 12:54
Жынысы:
Белгисиз
+6
Мен болгондо инвалид кылып салат элем...Азыр обу жок чондордорду шылдындагандар кобойуп кетти
12.02.2019. 15:26 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
2
Катталган:
23-08-2015
Соӊку аракети:
21-02-2019 09:15
Жынысы:
Белгисиз
Калаасы:
Кооз жер
+3
Телефон аркылуу интернетке таратуу ушунчалык жайылды кененирээк дем алуу да кыйын болуп калды. Бул нерсенин жазасы өтө чоң бир мусулмандар абийирин ачканы Аллах өз үйүндө шерменде кылат
12.02.2019. 15:37 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
38
Катталган:
10-07-2017
Соӊку аракети:
21-02-2019 04:49
Жынысы:
Белгисиз
+6
Уруш угуп, келтек жеп эле чонойгонбуз. Бир жерибиз кемип калган жок. Баланын тарбиясыздыгы бул.
12.02.2019. 16:35 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
208
Катталган:
04-10-2007
Соӊку аракети:
21-02-2019 11:34
Жынысы:
Белгисиз
Калаасы:
Бишкек
+2
Калтак жеп жүрүп өлбөй эле тирикмин.
12.02.2019. 16:46 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
185
Катталган:
27-11-2013
Соӊку аракети:
21-02-2019 10:54
Жынысы:
Белгисиз
+6
Агай ал окуучунун чон атасын да окуткан болсо керек! Ушундай окуучуну мектептен чыгарып башка мектепке айдаш керек.
12.02.2019. 16:54 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
5
Катталган:
26-01-2016
Соӊку аракети:
21-02-2019 11:38
Жынысы:
Белгисиз
Калаасы:
♡♡♡ОШ♡♡♡
+8
Азыркы окуучулар башкача.Мен да мугалиммин.Тарбиялаш өтө оор,ата-энелер да түшүнүксүз.Оздору үйдөн тарбияны аз берет, адамгерчилик,ыйман жок.Мугалим мурункудай кадырланбай калды.
12.02.2019. 17:11 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
0
Катталган:
03-09-2016
Соӊку аракети:
21-02-2019 10:20
Жынысы:
Белгисиз
+5
Туура кылат агайы мен ордунда болсом баланы тура алгыс кылып сабап башы менен дубал суздурот элем байкуш аксакалга эле боорум ооруйт.
Азыркы балдар баардыгы чын тийбес арысчыл жумуртка
Медиа-портал
12.02.2019. 18:03 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
45
Катталган:
22-02-2018
Соӊку аракети:
20-02-2019 23:35
Жынысы:
Белгисиз
+4
Биздин убакта тарсылдатып сабаса деле унчукпай кайра уйдогулордон жашырат элек.
Азыркы жаштар эмне эле болуп баратат,бир ааз сабырдуу болуш керек.
Кичине сабап окутпасан ансыз мумкун эмес,биздин мектептерде.
12.02.2019. 18:17 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
15
Катталган:
06-04-2018
Соӊку аракети:
20-02-2019 20:40
Жынысы:
Белгисиз
+2
неге ушул ишке көңүл буруп коюшпайт
12.02.2019. 18:56 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
354
Катталган:
01-02-2017
Соӊку аракети:
20-02-2019 22:37
Жынысы:
Белгисиз
+1
Бизге окшоп чыныгы таяк жегенде ал бала реанимацияга жатып алса керек эле. Таяк жеп өлбөй эле чоңойдук
12.02.2019. 19:40 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
82
Катталган:
07-02-2015
Соӊку аракети:
21-02-2019 09:58
Жынысы:
Белгисиз
Калаасы:
кемпиримдин журогу
+3
Кандай наадан балдар. Чоң атаңдай болгон мугалимиңди сөккөнчө айтканын угуп, билимин, акыл-насаатын, батасын албайбы акмак. Эң ардактуу кесип бул мугалимдердин кесиби. Мугалимдерге таазим. Окуткан окуучулары жакшы чыкса сыймыктанат, кубанат, мен окуткан уул-кыздарым деп. Мугалимдерди сыйлайлы.
Медиа-портал
12.02.2019. 19:41 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
8
Катталган:
30-01-2017
Соӊку аракети:
21-02-2019 11:19
Жынысы:
Белгисиз
+1
Агайлардан таяк жеп эле чонойдуко эч нерсе болбойт озу жеткиргенда жон эле ура бербейт
12.02.2019. 20:00 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
56
Катталган:
02-04-2018
Соӊку аракети:
20-02-2019 19:35
Жынысы:
Белгисиз
+2
Бизди урган агай эжекейлерибизге биз азыр алкыш айтабыз.Тажатып салса уратда ! Жакшы окушсун тартиптуу болушсун деп урат да.Азыркы агай эжейлер сабак бербей эле убакыт отсо болду деп ватсапта отуруп званокто чыгып кетишет. Кысказы Ата-Энеси тушунсо болдуда. Агайына чын ден-соолук узуун омур каалаймын!
Azatbek.Svoboda. түзөттү 2019-02-12 20:01:12
12.02.2019. 20:27 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
Катталган:
09-09-2015
Соӊку аракети:
21-02-2019 12:01
Жынысы:
Белгисиз
+3
Баланы мектептен айдап салгыла каалаган жерине барып окусун. Аксакалды сыйлабаган окуп жарытмак беле. Бир аз шоктонуп койуп төбөгө шапалак жеп эле чоңойгонбуз. Азыр рахмат айтабыз кайра мугалимдерге бизди чыдап окуткан
12.02.2019. 20:56 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
9
Катталган:
14-04-2016
Соӊку аракети:
19-02-2019 21:08
Жынысы:
Белгисиз
0
Агайдан келип кечирим суроосу керек мурдубок окуучу анткени агай ата энесини дагын окуткан болушу керек.
12.02.2019. 20:59 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
37
Катталган:
26-11-2016
Соӊку аракети:
21-02-2019 12:32
Жынысы:
Белгисиз
+2
Тооба мугалимдир кылыгын айткандан коркот элекго ата энебиз рас кылыптыр дечу( керек болсо чачын эмне желмогуздай апсайган деседа атане болушпай рас кылыптыр мектепке таранвп тыкан барбайт белен дечуго?! Азыр баласы мушташчак энеси болушчак заман. Тарбиясыз бала экен жашоосу баштала элек ушинтип атса?! Ата энеси мн кечирим сурап окуп алыштын ордуна, жаш улуу кишиге ошентир ал нерсе оз ата энесине да кайтат
12.02.2019. 22:28 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
2
Катталган:
14-01-2017
Соӊку аракети:
21-02-2019 10:37
Жынысы:
Белгисиз
+1
Дооматка калбай,кайра чын эле Уруп салган эмес байкуш агай.Азыркы жаштар башы каттык,мугалимди укмак тургай кайра ыйлатышат,ар кандай создор мн .
12.02.2019. 23:15 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
124
Катталган:
06-11-2016
Соӊку аракети:
19-02-2019 10:18
Жынысы:
Белгисиз
+1
райОНО до иштегендерди алып келип сабак откорсо тушунушот эле. тим эле жумуштан алгыла деп. Бул олкодон кетким келе баштады. кайда барсан мамайдын кору болду. жадагалса мектепте да беспредел. мен ошол агайдын ордунда болсом, бала мн телге тарткан кызды жанчып, телефонун талкалап ьуруп, арызымды жазып туруп, гордо кетмекмин иштен. карыганда сакалын сыйлагандын ордуна кайра шылдын кылып. Аллах бат эле кайтарат, ошол балага,
13.02.2019. 00:13 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
1
Катталган:
06-08-2018
Соӊку аракети:
21-02-2019 11:49
Жынысы:
Белгисиз
+1
Ото тартипсиз балдар.менда иштеп кордум сен деп суйлойт керек болсо.сабак оттурбойт уруп жанчып салгын келет.ата энесине ошол онорун коргозсунчу...университтетти жаны бутуп баргам мектепке ыйлайт элем сабактан чыгып кадимкидей эмне мугалим темирден жаралыптырбы
Медиа-портал
13.02.2019. 01:08 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
9
Катталган:
01-08-2015
Соӊку аракети:
20-02-2019 19:06
Жынысы:
Белгисиз
0
Улууну урматтоо деген жокко эсе. Ошол мугалимдей эч ким билим бере албаса керек. Окуучу озу куноолуу.
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде 1 колдонуучу (Катталган: 0, коноктор: 1) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
122648;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2019 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Күрөӊкеев көчөсү - 180
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: