Миграция кызматы Кыргыз өлкөсүнөн чыгып жаткандар үчүн 300 сом өлчөмүндө милдеттүү камсыздандырууну киргизүүнү сунуштады
Мамлекеттик миграция кызматы милдеттүү камсыздандыруу механизмин киргизүүнү сунуштады. Бул тууралуу 12-февралдагы маалымат жыйынында Мамлекеттик миграция кызматынын тышкы миграция жана диаспоралар менен иштөө бөлүмүнүн башчысы Улан Шамшиев билдиргенин жергиликтүү басылмалар жазып чыгышты.
"Каза болгон жарандын сөөгүн мекенине алып келүү маселеси маркумдун үй-бүлөсүнө жүктөлүп жатат. Колдоо максатында компенсация алуу процессине бир канча өзгөртүүлөр киргизилген. Кыргыз мамлекети КМШ боюнча маркумдун сөөгүн алып келүүдөгү чыгашаларды жапкан жалгыз өлкө. Мурун бул нерсе эмгек мигранттарына гана таандык болсо, азыр үч документти (каза болгондугу тууралуу күбөлүк, тууган экенин далилдөөчү документ, паспорт) көрсөтүп 50 миң сом өлчөмүндө компенсация алса болот", - деди Шамшиев.
Ал мамлекеттик миграция кызматы милдеттүү камсыздандыруу эксперттер, диаспоралардын өкүлдөрү менен талкууланганын кошумчалады.
"Бул бюджетти толтурууга багытталган эмес, ал акча каражаттары маркумдун сөөгүн алып келип, жерге берген үй-бүлө мүчөлөрүнө жардам катары берүүгө багытталган. Бул нерсе атаандаштыктын негизинде болсун деп бир нече камсыздандыруу компаниялары менен сүйлөшүүлөрдү жүргүздүк. Бир жыл үчүн 300 сомдон ашпаган сумманы коюуну сунуштадык. Камсыздандыруу төлөмү 200 миң сомдой болот", - деди ал.

Отставкага кеткиле
Элди емнегеле кыйнайсыңар иш таап бергиле анда...сөзжок
Элди алдабастан ачык эле айтпайсынарбы, Соке миллиардларды уурдап да тойбой жатат, акыры ушуну ойлоп таптык деп...
Маркумдардын жакындарына 50минден беребиз деп бюджеттен болунгон 6 миллиондун жарымын жеп да койдунар го, калппы, калп болсо айт!!!