super.kg logo

Парламентте тармактык комитет экспорттук көзөмөл боюнча маселени күн тартибинен алып салды

 

Бүгүн, 12-февралда Жогорку Кеңештин Экономика жана фискалдык саясат боюнча комитетинин жыйыны өтүп жатат. Аталган жыйында "Экспорттук көзөмөл чөйрөсүндөгү Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" мыйзам долбоорун кийинки жумага чейин жылдырып туруу сунушун депутат Гүлшат Асылбаева киргизди.

Ал бул мыйзам долбоору үчүнчү окууда шашылыш кабыл алынып калса, кийин кыйынчылыктар жараларын айтты.

"Экспорттук көзөмөл боюнча мыйзам долбооруна дагы өзгөртүүлөрдү киргизип, толуктоо керек экен. Ошондуктан Экономика министрлиги дагы бир ирет карап чыгып, кийинки жумага даярдап алып келгиле. Ал эми бүгүн күн тартибинен алып туралы", - деди эл өкүлү.

Экономика министрлигинин өкүлүнүн айтымында, азыркы учурда Кыргыз мамлекетинде реэкспорт жок, транзит бар, ошондон улам бул мыйзам долбоору кабыл алынып калса, ал келечекте колдонулуп калышы мүмкүн. Мындан тышкары ал эки максаттуу товарлардын ташылышын 6 мамлекеттик орган көзөмөлдөй турганын кошумчалады.



 
 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде 0 колдонуучу (Катталган: 0, коноктор: 0) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
122648;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2019 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Күрөӊкеев көчөсү - 180
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: