Жогорку Кеңештин тармактык комитетинде "Коопсуз шаар" долбоорунун алкагында 24 саат иштей турган чалуу борборун ачуу сунушталды

Бүгүн, 12-февралда Жогорку Кеңештин Экономика жана фискалдык саясат боюнча комитетинин жыйыны өтүп жатат. Жыйында "Салыктык эмес кирешелер жөнүндө Кыргыз Республикасынын кодексине өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" мыйзамдын долбоору каралууда.

Анда депутат Салайдин Айдаров "Коопсуз шаар” долбоорунун алкагында коюлган камералар түнкүсүн кандай иштей тургандыгын сурады.

"Коопсуздукту камсыздоо үчүн коюлган камералар түнкүсүн автоунааны жок дегенде 20 метр алыстыкта даана алып көрсөтө алабы? Күндүз кандай болсо, түнкүсүн дагы ошондой сапатта көрсөтүп турса жакшы жыйынтык берет", - деди Айдаров.

Ички иштер министринин орун басары Алмазбек Орозалиев камералардын сапаты жакшы экенин айтып, күндүз да, түнкүсүн да бирдей көрсөтөрүн билдирди.

Мындан тышкары депутат Акылбек Жапаров "Коопсуз шаар" долбоорунун алкагында 24 саат иштей турган чалуу борборун ачуу керектигин кошумчалады.

"Чалуу борборун ачып иштетүү керек. Ал үчүн мыйзам долбоорун да кабыл алалы. Анткени бизде бул иш жаңы кирип жатат. Ошондуктан күнү-түнү көзөмөлдөө болушу зарыл", - деди Жапаров.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан