Түштүк Кореянын жараны Өзбекстандын премьер-министринин кеңешчиси жана саламаттыкты сактоо министринин орун басары болуп дайындалды. Бул тууралуу жергиликтүү басылмалар жазып чыгышты.
Маалыматка караганда, түштүк кореялык И Доң Укка чет өлкөдө жүргүзүлгөн тажрыйбалардын негизинде Саламаттыкты сактоо министрлигин реформалоо милдети жүктөлгөн.
Өткөн аптада президент Шавкат Мирзийоев Саламаттыкты сактоо министрлигине чет өлкөлүк адиске ылайыкташтырылган жаңы кызмат ордун түзүү тууралуу жарлыкка кол койгон. Жарлыкта жаңы кызмат ордун ээлеген адам мамлекет тарабынан айлык акысынан сырткары котормочу, ассистент, кызматтык унаа, турак жай жана учак билеттери менен камсыздалары айтылган.
Акыркы жылдарда Өзбекстанда мамлекеттик кызматтарга Түштүк Корея жарандары дайындалган учурлар көп катталган. Буга чейин бир нече жыл бою Маалыматтык технологиялар министринин орун басары кызматын Түштүк Корея өкмөтүнүн мурдагы мүчөсү Ким Нам Сок ээлеп келген. Ал эми Ким Ён Се Эмгек министринин кеңешчиси болуп дайындалган.
Түштүк Корея өзбекстандык мигранттардын негизги багыттарынын бири болуп саналат. Миграция кызматынын маалымат кызматы белгилегендей, 2017-жылы мыйзамдуу түрдө Түштүк Кореяга кирген Өзбек жарандарынын саны 62 870ке жеткен. 2018-жылы өзбек бийлиги кореялыктар үчүн визасыз режимин киргизген. Өз кезегинде корей бийлиги Өзбекстандын жарандарына виза берүү процессин жөнөкөйлөштүргөн.