Түтүнгө ууланган 3 баланын атасы: "Эч нерсебиз калбай күйүп кетти, бирок азыр балдарымдын ден соолугу маанилүү болуп жатат"

Бишкектин Свердлов районуна караштуу Келечек конушундагы турак үй толугу менен өрттөнүп, түтүнгө ууланган 3 баланын абалы оор. Мындай маалыматты балдардын атасы Рустам Таштанбек уулу билдирди.

Анын айтымында, балдарынын улуусу менен кичүүсүнүн абалы оор.

"Ошол күнү жумушта болчумун. Аялымдын 8 айлык боюнда бар. Ал жарык өчүп калгандыктан үйдөгү бардык электр жабдыктарын өчүрүп, үйдүн жанындагы поликлиникага кеткен экен. Ал кетери менен жарык күйүп үйдүн ичинен электр зымдарынын чукул туташуусу болуп өрт чыгыптыр. Муну улуу балам айтып берди. Учурда жубайым нес абалда болуп жатат. Үйдүн ичинде эч нерсе калбай күйүп калды. Эми азыр балдарымдын ден соолугу маанилүү болуп жатат",- дейт балдардын атасы.

Рустам Таштанбек уулунун айтымында, алар азыр жардамга муктаж.

Жардам берүүнү каалагандар үчүн ЭЛСОМ: 0700 29 23 95

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (6)
titanik32
2019-02-13 12:01:04
Аллахым шыпаасын берип балдарыңыз бат айыгып жакшы болуп кетсин.Эң башкысы ден соолук керек кыжаалат болбоңуз ден соолук болсо калганы табылат.Келинчегиңиз ай кунүнө жетип аман эсен төрөп алсын омииин.
+9
Benazir08
2019-02-13 12:29:47
Айыгып кетсин. Силерге сабыр буюм терим табылат,балдар аман болсун
+6
Deimon1990
2019-02-13 15:36:10
Бир кем дүнүйө.Эки баласынан айрылып калды.Сабыр кыл кыл иним.
-1
faraon312
2019-02-13 19:01:07
Deimon1990,кандайча айрылып калды? Кайдан бул маалымат???
0
dastan_nookat
2019-02-14 01:27:39
Эх жашоо жашоо
0
dastan_nookat
2019-02-14 01:28:48
Эх жаратканым жардам берсин сакайып кетсин
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан