Буга чейин Ысык-Көл облусунун Чолпон-Ата шаарында 12 жаштагы кызды зордуктоого шектелген жаран өмүр бою эркинен ажыратылган. Ал эми бул ишти кайра карап чыккан Ысык-Көл облустук соту айыпталуучуну 14 жылга эркинен ажыратты. Бул тууралуу бүгүн, 15-февралда SUPER.KG'ге облустук соттун басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, облустук сот 31-январда 12 жашар өспүрүм кызды зордуктаган С.У.нун ишин карап чыккан. Соттук коллегия соттолуучунун жашын, мурда сот жообуна тартылбагандыгын, күнөөсүн моюнуна алганын жеңилдетүүчү жагдай катары эсептеди. Сот С.У.га карата белгиленген жазасын төмөндөтүү мүмкүн деген чечимге келип, аны 14 жылга эркинен ажыратты.
26-мартта 12 жаштагы Ж.Ж. аттуу кыздын апасы кызын белгисиз адам зордуктап койгондугун айтып укук коргоо органдарына кайрылган. Бул иш боюнча кылмыш иши козголуп, шектүү катары Ысык-Көл районуна караштуу Кара-Ой айылынын 53 жаштагы тургуну С.У. аттуу адам кармалган. Ага карата зордуктоо боюнча кылмыш иши козголуп, Ысык-Көл РИИБинин абагына киргизилген. Ысык-Көл райондук соту Кылмыш-жаза кодексинин 129-беренеси (зордуктоо) менен күнөөлүү деп таап, өмүр бою эркинен ажыраткан.