Ош облусунун Өзгөн районуна караштуу Ийри-Суу айыл өкмөтүнүн Орказган айылы кыштын күнү кар жааганда борбордук бөлүктөн бөлүнүп калат. Анткени кар калың жаап, байланышты кыйындатып, жол жабылат. Мындай маалыматты окурман "ЭЛДИК КАБАРГА" билдирди.
"Орказган айылы Ийри-Суу айыл өкмөтүнүн борбордук бөлүгүнөн 18 чакырым алыс жайгашкан. Кышында кишинин боюндай кар түшүп, жол жабылып калганда айыл эли борбордук бөлүк менен байланыш түзүү үчүн өздөрү кол менен жол ачышты. Ушундай оор кырдаалга чыдап жашап жаткан айыл элине рахмат", - дейт окурман.
Урматтуу окурман, эгер сиз да ушул сыяктуу турмуштагы өзгөчө көрүнүшкө, коомдогу маданий, спорттук иш-чарага, жаратылыш кубулуштарына, жол кырсыгына, акция же митингдерге күбө болсоңуз, тезинен сүрөткө, видеого тартып, дүйнө жүзү менен бөлүшүңүз. Интернет ааламы, тагыраак айтканда, SUPER.KG жаңылыгыңызды заматта өлкөбүзгө, Жер жүзүндөгү мекендештерге жеткирет. Алар көрүп, окуп, сиздин кабарыңызга үн кошушат.
Сиз жаңылыкты кыскача баяндап Telegram же WhatsApp аркылуу +996 779 47-39-39 номерине жибериңиз. Ушул эле кызмат (приложение) аркылуу кабардын аудиосун, видеосун, сүрөтүн да жөнөтсөӊүз болот. Кабар саналуу мүнөттөрдүн ичинде порталыбыздын "Соңку кабар" бөлүмүнө чыгат.