Кыргыз өлкөсүндөгү айдоочулар уюмунун төрагасынын орун басары Дүйшөналы Токтакунов: "Айдоочуларды жол эрежесин бузууга түрткөн кодекс ишке кирди"

"Коопсуз шаар" долбоорунун алкагында шаар ичине коюлган камералар 7 эреже бузууну каттайт. Эреже бузуунун тизмесинин арасында 6-пункт жол эрежелерине каршы пикирди жаратат. Андагы эрежеге ылайык, белгиленген ылдамдыктан саатына 20 чакырымга жеткирбей айдаса айдоочу айыпка тартылбайт. Бул жерде адамдардын, алардын ичинде жаш балдардын өмүрүнө коркунуч келет деген маселе жаралат. Анткени ылдамдыгы саатына 40 чакырым деп белгиленген жерлерде саатына 60 чакырымга чейин айдап, жазага тартылбастан жүрө берүүгө болот.

Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгы бул боюнча: "Жол кыймылынын эрежелери менен административдик эрежелер кодексинин ортосунда карама-каршы келген жагдайлар жаралса, негизи административдик кодекс жол кыймылынын эрежелерине караганда жогору турат", - деп жооп берген.

Буга байланыштуу SUPER.KG порталы "Мектеп жана бала бакчалардын жанында ылдамдыкты чектөө саатына 40 чакырым болгонуна карабай саатына 60 чакырым ылдамдыкта айдаса, жаңы кодекске ылайык, ага чара көрүлбөйт экен. Сиздин буга көз карашыңыз кандай?" деген собол салды.

Кыргыз өлкөсүндөгү айдоочулар уюмунун төрагасынын орун басары, Бишкек автомектебинин директору Дүйшөналы Токтакунов бул суроого жооп берип:

"Жолдо жүрүүнүн эрежеси атайын токтом менен, Кодекс болсо мыйзам менен бекиген. Бирок экөө бири-бирине карама-каршы. Негизи жолдо жүрүүнүн эрежеси боюнча эгер белгиленген жерден саатына 40 чакырымдан жогорку ылдамдыкта айдаса айып салынат. Ошон үчүн бул кодексти иштете турган болсо жолдо жүрүүнүн эрежесин да өзгөртүү керек. Бирок анда да туура эмес болуп калат.

Бул айдоочуларды жолдо жүрүүнүн эрежесин бузууга мажбурлаган кодекс болуп эсептелинет. Анткени 40 чакырым ылдамдык деген жөн эле жерден келип чыккан эмес да. Ал жер кооптуу жай, балдар жүргөн жер болгондуктан ылдамдык азайсын деп каралган. Анткени балдарга ишенич жок, жүгүрүп чыга калышы мүмкүн да. Калк жашаган аймакта, шаарда саатына 60 чакырым ылдамдык менен айдоонун өзү кыйын. Ошол эле жерде 80 чакырым ылдамдык менен айдап, 81 болгондо айып салынары көрсөтүлгөн. Бул таптакыр туура эмес. Бул жол эрежесин бузууга шарт түзгөн кодекс болуп калды".

Ошондой эле ал бул кодексте дагы бир катар көйгөйлөр бар экенин, дыкат изилденбей туруп түзүлгөн деген пикирин кошумчалады.

Жогорку Кеңештин депутаттары Рыскелди Момбеков, Мирлан Бакиров, Айнуру Алтыбаева, Марлен Маматалиев, Дастан Бекешев мамлекеттик жана жергиликтүү башкаруу боюнча серепчи Азамат Аттокуровдун айткан пикирлерин бул шилтемеден окуңуз.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан