Жатын моюнчасындагы рактын өөрчүп кетүүсүн алдын алууга жардамчы болгон брахитерапия жабдуусу сатып алынат

"Экологиянын улам бузулуп бара жатканынан онкологиялык илдетке кабылгандардын көрсөткүчү улам жогорулап жаткандыгын танып кете албайбыз". Мындай пикирин депутат Айсулуу Мамашова "Парламент" радиосуна курган маегинде билдиргени тууралуу Жогорку Кеңештин расмий сайтына жарыяланды.

Ал рак оорусуна кабылгандар 3-4-стадияда гана аныкталарын айтып, буга тиешелүү жабдуулардын жоктугу себеп экенин белгиледи.

"Абалдан чыгуу үчүн бюджеттен каражат табуу аракеттери жасалды. Жыйынтыгында "Центеррра Голд Инк" компаниясынан түшкөн 7 миллион долларга жаңы жабдуулар алынганы турат. Ал Бишкек шаарына орнотула турган медициналык аппарат болуп саналмакчы", - дейт эл өкүлү.

Кыргыз мамлекети эл аралык МАГАТЭ уюмуна мүчө. Бирок ага болгон салымдык каражаттар убагында эсептелип турбагандыктан, онкологиялык жардам көрсөтүүгө зарыл болгон жабдууларды алууда кыйла тоскоолдуктар жаралганын Мамашова айтты.

"2018 -жылга чейинки карыздар менен эсептешүүчү каржы булактары аныкталды. Эми ошондон кийин 2020-жылы брахитерапия аппараты сатылып алынары күтүлүп жатат. Ал жатын моюнчасындагы рактын өөрчүп кетүүсүнүн алдын алууга чоң жардамчы болот", - дейт депутат.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан