Бишкекте 61 жаштагы спорт ардагери Александр Петров 16 килограммдык гиряны 2 жарым саат тынбай көтөрдү. Бул тууралуу SUPER.KG порталына машыктыруучу Шамиль Яргаев кабарлады.
Анын айтымында, 2500 жолу көтөрүлгөн гирянын жалпы салмагы 40 тоннаны түздү.
"16-февралда Бишкектеги соода түйүндөрүнүн биринде спорт ардагери Александр Петров Ата Мекенди коргоочулар күнүнө карата гиря көтөрүү боюнча супер марафон өткөрдү. Ал 2 саат 20 мүнөттө 16 килограммдык гиряны 2500 жолу көтөрдү. Көтөрүлгөн гирянын жалпы салмагы 40 тоннаны түзүп, ардагер спортчулар арасында дүйнөлүк рекордду жаңылады.
Мындай марафондорду алдыда дагы көп жолу уюштуруу ниетибиз бар. Бул жылы ордолуу Ош шаарынын 3019 жылдыгы белгиленет. Буга байланыштуу Петров Сулайман тоодо марафон уюштуруп, гиряны 3019 жолу тынбай көтөрүүнү көздөп жатат.
Жай айларында Өзбекстанда гиря спорту боюнча Азия чемпиондугу өтөт. Каражат табылып калса ал чемпиондукка да катышып келүүнү пландап жатабыз", - деди Яргаев.
Александр Петровдун гиря көтөрүү спорту боюнча жетишкендиктери: