Депутат Айыл чарба министрлигине: "Аймактарга барганда 1-2 чарбага кирип кетип каласыңар. Дыйкан, фермерлер менен жолуккула"

"Бизге өкмөт өкүлдөрү жасалган жумуштарын айтып келишет, ал эми аткарылбаган иштерди комитет көтөрүп чыгууда", - деп Агрардык саясат, суу ресурстары, экология жана регионалдык өнүктүрүү боюнча комитеттин жыйынында бүгүн, 18-февралда депутат Кенжебек Бокоев айтты.

"Бүгүнкү комитет жыйынында көптөгөн маселелер көтөрүлдү. Айыл чарба министрлигине сындар айтылууда. Биз өкмөттү сындайбыз, бирок иш жүрүп жатат. Мен биздин комитетке мүчө болуп келип, биз менен иштешкиле дейт элем. Берилген сын-пикирлер эске алынсын", - деди комитеттин төрагасы Айтмамат Назаров.

"Бизге келгенде баары жасалган жумуштарын айтып келишет. Ал эми аткарылбаган жумуштар боюнча маалымат айтылбай калат. Аны комитет көтөрүп чыгууда", - деди Конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, сот-укуктук маселелер жана Жогорку Кеңештин Регламенти боюнча комитетинин мүчөсү Бокоев.

"Аймактарга барганда 1-2 чарбага кирип эле кетип каласыңар деп буга чейин да айттым. Жетекчилер график менен дыйкандар жана фермерлер менен жолугушсун", - деген кеңешин депутат Асылбек Жээнбеков билдирди.

Бүгүн Жогорку Кеңештин Агрардык саясат, суу ресурстары, экология жана регионалдык өнүктүрүү боюнча комитеттин жыйыны өттү. Жыйында “Кыргыз Республикасында 2019-жылдын жазгы талаа жумуштарын өткөрүүгө даярдыктын жүрүшү жөнүндө" өкмөттүн маалыматы айтылды.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан