Жогорку Кеңештин экс-депутаты Каныбек Осмоналиевге коюлуп жаткан айыптар негизсиз деп табылып, акталды. Бул тууралуу экс-депутатка байланышканыбызда маалымдап, Жогорку Сот иште кылмыштын курамы жоктугун аныктаганын билдирди.
"Бүгүн, 18-февралда Жогорку Сот буга чейин Биринчи Май райондук сотунун өткөн жылдын 15-октябрында Бишкек шаардык сотунун 6-декабрындагы мени актаган чечимин күчүндө калтырып, толугу менен актады", - деди Осмоналиев.
2014-жылы Каныбек Осмоналиев депутат кезинде Кыргыз-Орус Славян университетинин медициналык факультетине 24 абитуриентти мыйзамсыз кабыл алууга тиешеси бар деп кылмыш иш козголгон. Саясатчы жана илимпоз бул ишти саясий буйрук деп атаган. Сотто прокурор экс-депутатты 15 жылга эркинен ажыратууну өтүнгөн.
"Ошол жылдан бери менин канча ден соолугум, убактым кетти. Мыйзамсыз жасаган иштери үчүн тергөөчүлөр жооп бериши керек. Бул жерде кек сактоо же башка эч нерсе жок, болгону мыйзамды бузгандар жооп бериши зарыл. Бул үчүн мен ага даярданышым керек, убакыт керек", - деди ал.