Астротөлгө: 19-февралда төрөлгөндөр романтиканы, саякаттоону жактырышат

Тектеш кабарлар: Астротөлгө (364 материал)

Көздөгөн максатына жеткен, эмне каалап жатканын так билген бул күнү төрөлгөн адамдар көп нерсени билүүгө кызыгышат. Бала кезинен чоңдордой ой жүгүртүп, көз карашын калыптандырып, жашоодо кездешкен кыйынчылыктарга баш ийбеген сапатка ээ болушат. Кыялкеч, сырдуу, ак көңүл бул адамдар романтиканы, саякаттоону жактырышат. Бир убакта бардык жумушка колун салып алмай адаты бар. Ийгилик жөн жерден жылмая бербесин билип, ага жетүү үчүн бүт аракетин, күчүн жумшайт. Кесиптештери, жакындары анын көп кырдуу талантын, бир калыпта жүргөн токтоолугун, сабырдуулугун баалашат.

Ой жүгүртүүсү кенен, эркиндикти баалаган бул адамдарды бир нерсе менен чектеп болбойт. Баарын билүүгө кызыгышкандыктан ар тармактуу пикир алышып, кеңеш сураса да болот.

Сүйүү жаатында түгөйүнүн көңүлүн оорутпай, анын маанайына маани берип, түшүнүп, сыйлап турушат. Бирок өзүнө карата да ошондой мамиленин болушун каалайт.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан