Өзбекстан 100 миң сумдук купюраны жүгүртүүгө чыгарат. Мындай маалымат Өзбекстандын Борбордук банкынын сайтында жарыяланды. Белгилүү болгондой, 100 миң сум номиналындагы акча ушул жылдын 25-февралында жүгүртүүгө чыгарылат.
Банкноттун дизайны Мирзо Улугбек аттуу мамлекеттик ишмер жана окумуштууга арналган. Акчанын бетине анын сүрөтү жана Күн системинин модели түшүрүлгөн. Бул сүрөт акчаны кайсы бурчтан караганга жараша өң-түсүн өзгөртүп турат. Ал эми арткы бетине окумуштуунун илимий иштери жасалган обсерваториясы түшүрүлгөн.
100 миң сум номиналындагы акчаны бардык жерде, бардык чарбалык субъекттер тарабынан жарандарга чектөөсүз колдонууга мүмкүн.
Жергиликтүү маалымат булактары жазгандай, 100 миң сумдук банкнотанын чыгары буга чейин эле маалым болуп, бирок чыга турган так датасы айтылган эмес. Учурда Өзбекстандагы эң ири номинал 50 миң сум (Кыргыз валютасына алмаштырганда 415 сомдун айланасында) болуп саналат. 100 миң сум Кыргыз сомуна карата 830 сомдун айланасын түзөт.