Кечээ, 18-февралда Жогорку Сот мурдагы депутат Каныбек Осмоналиевге карата козголгон кылмыш ишин карады. Аталган мекеменин маалыматына ылайык, сот ага карата Биринчи Май райондук сотунун өткөн жылдын 15-октябрында, Бишкек шаардык сотунун 6-декабрында чыгарган чечимин күчүндө калтырып, аны актады.
Буга чейин Осмоналиев толугу менен акталганын, кылмыш иши козголгондон берки 5 жыл ичинде ден соолук, убактысы кеткенин айтып, мыйзамды бузгандар жооп берүүсү керектигин айткан болчу.
2014-жылы Каныбек Осмоналиев депутат кезинде Кыргыз-Орус Славян университетинин медициналык факультетине 24 абитуриентти мыйзамсыз кабыл алууга тиешеси бар деп кылмыш иш козголгон. Саясатчы жана илимпоз бул ишти саясий буйрук деп атаган. Сотто прокурор экс-депутатты 15 жылга эркинен ажыратууну өтүнгөн.