Түркия парламентинин төрагасы Бинали Йылдырым Стамбул шаарынын мэрлигине ат салышуу үчүн кызматынан кетти

Түркиянын парламент төрагасы Бинали Йылдырым 18-февралда кызматынан кетти. Бул тууралуу чет элдик маалымат булактары жазды.

Анда жазылгандай, Йылдырым Стамбул шаарынын мэрлигине талапкерлигин коюу үчүн парламенттеги төрагалык кызматынан кеткен. Стамбул шаарынын мэрин шайлоо 31-мартта өтөт. Ал журналисттерге берген билдирүүсүндө: "Бүгүн мен Түркиянын улуу улуттук жыйынындагы кызматымдан кетем", - деп айткан.

Бинали Йылдырым 64 жашта. 2002-жылдан 2016-жылга чейин ал Түркиянын транспорт министри болуп иштеген. 2016-жылдан 2018-жылга чейин Түркиянын өкмөт башчысы болуп иштеп, кийин парламентке келген.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан