Монголияда KFC азыктарын жегенден кийин 42 адам ууланып ооруканага жатты

Монголияда KFC тамактануучу түйүндөрүнө лицензия алып ишмердик кылып жаткан Tavan Bogd Group аттуу компания тамактан ууланган 247 фактыга шектелип, компания жетекчилиги тиешелүү органдарга жооп берүүдө. Тамактан ууланган 247 учур февраль айынын ичинде катталган. Алардын 42си ооруканага жаткырылган. Мындай маалыматты чет элдик басылмалар жазууда.

Улан-Батор шаарынын профессионалдык инспекциялык агенттигинин өкүлдөрү Tavan Bogd Group компаниясынын ашканасынан санитардык талаптарды аткарбаган олуттуу фактыларды каттаган. Лабораториялык изилдөөлөрдүн жыйынтыгында ичүүчү суудан жана башка суусундуктардан зыяндуу бактериялар табылган.

KFC тамактануучу түйүндөрдү өзүнө камтыган жана Tavan Bogd Group компаниясынын үстүнөн көзөмөлдөгөн Yum! Brands Inc. америкалык корпорациясы жергиликтүү санитардык инспекция менен биргеликте бул маселе боюнча иш алып барарын жарыялаган.

Tavan Bogd Group Монголияда KFC азыктарын 2013-жылдан баштап сата баштаган. Бүгүнкү күндө KFC ресторандарынын Улан-Батордо 10го жакын түйүндөрү бар.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан