Чүйдө 12 жаштагы Саёра Атабаева изделүүдө. Бул тууралуу кыздын туугандары кабарлады.
Маалыматка ылайык, Саёра Атабаева кечээ, 18-февралда Чүй облусундагы Новопавловка айылындагы мектептен саат 13:00 чамаларында чыгып дайынсыз жоголгон.
Эгер Саёра Атабаеванын кайда жүргөнү тууралуу маалыматка ээ болсоңуз, төмөнкү телефон номерлери аркылуу кайрылыңыз: (0700) 918 589, (0500) 959576.