"Chanel" мода үйүн 36 жылдан бери жетектеп келген көркөм директору Карл Лагерфельд көз жумду

Немис модельери Карл Лагерфельд 85 жашында көз жумду. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазып чыгышты.

Карл Лагерфельд 1933-жылы 10-сентябрда Гамбург шаарында туулган. 1952-жылы ал Парижге келип мода жаатында билим алган. Андан кийин "Chloe" жана "Fendi" мода үйлөрү менен иштешкен. 1974-жылы Karl Lagerfeld Impression аталышындагы өзүнүн жеке кийимдер линиясын негиздеген.

Мода дүйнөсүндө легендага айланган Лагерфельд кийимдердин дизайнын жасоодо революция жасап, мода искусствонун маанилүү бөлүгүнө айланышына салым кошкон.

Өмүрүнүн аягына чейин "Chanel" жана "Fendi`нин" атынан коллекцияларын тартуулап келди. Париждеги мода жумалыгында жыл сайын өзүнүн кутюрьесин көрсөтүп келген модельерлердин бири.

1983-жылдан баштап Лагерфельд "Chanel" мода үйүнүн көркөм директору болуп иштеп келген.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан