Ысык-Көл облусунун Чолпон-Ата шаарындагы талаадан жансыз денеси табылган 9 жаштагы Жайдардын иши боюнча тергөөгө анын апасы Жүрсүн Сартова жана кызы чакыртылды. Бул тууралуу SUPER.KG порталына маркум баланын эжеси Айдай билдирди.
Анын айтымында, алар суракка 14-февралга чакыртылган. Ошондой эле үй-бүлөнүн камакка алынган унаасын аларга кайтарып беришкен.
"Чолпон-Ата ШИИБине апам экөөбүз бардык. Бизди суракка алышкан деле жок. Документтерде шектүү деп апам экөөбүздүн аты-жөнүбүз жүрөт. Бирок эч кандай деле тийиштүү иштерди аткарышкан жок", - деп билдирет Айдай.
Буга чейин 9 жаштагы баланын муунтулуп каза болгонуна шектүү катары анын апасы жана эжеси каралып жатканын маркумдун үй-бүлөсү билдирген. Ал эми Ысык-Көл ОИИБи бул иш иликтенип жатканын жана шектүү катары эч ким кармала электигин билдирген.