Бүгүн Ай Жердин жашоочуларына кадыресе көлөмүнөн чоң болуп көрүнөт

19-февралдан 20-февралга караган түнү Жер шарынын жашоочулары 2019-жылы боло турган маанилүү астрономиялык кубулушка күбө боло алышат. Адистер Ай Жерге жакындап, көлөмү кадыресе көлөмүнөн чоң болорун белгилешүүдө.

Ай кубулган учурда көлөмү 14 пайызга чоң жана 30 пайызга жарык болуп көрүнөт. Бул кубулуш "Супер Ай" деп дагы айтылып жүрөт. Ай эллиптикалык орбита боюнча Жерди бир айда айланып чыгат. Ай менен Жердин ортосундагы аралык 356,4 миң чакырымдан 406,7 миң чакырымга чейин жетет.

Орусиялык басылмалар 19-февралда Москва убактысы боюнча саат 12:07де Ай менен Жердин ортосундагы аралык болжол менен 356 761 чакырым болорун жазып чыгышты. Андан 6 саат өткөндөн кийин Ай тутулат.

Аталган кубулуш Бишкек сааты боюнча 21:54тө башталат.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (4)
Flowhive
2019-02-19 22:12:44
Тутулбады го, эшикте тоңуп калдым ай карап
+1
aizira
2019-02-19 22:32:11
Flowhive,))))мен дагы
0
Altyn2017
2019-02-19 22:46:02
менда улам улам чыгып карап атам тынч эле мурдагыдай эле
0
Benazir08
2019-02-20 06:59:30
Жана 7лерде айды коруп иий чоон бп толуп калыптыр го деп маани бердим эле тутулганын укпапмын
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан