"Супер хитке" Айя Садырованын "Тоо булагы" чыгармасы кошулду

SUPER.KG порталынын "Медиа-портал" бөлүмүндөгү "Супер хит" долбоору кыргыз эстрада ырчыларынын видеоклиптерин колдонуучулардын сынына коёт. Сынактын шарты боюнча, колдонуучулардын добушу аркылуу 10 клип электен өтүп, ар жуманын жеңүүчүсү аныкталат.

Аптанын шаршемби күнү добуш берүү токтотулуп, кайсы видеокомпозиция канчанчы орунда экендиги жарыяланат. Эң аз добуш алган клип "Супер хиттен" четтетилип, анын ордун жаңы ыр толуктайт.

Бул аптада эң аз добушка ээ болгон чыгарманын ордун Айя Садырованын "Тоо булагы" чыгармасы толуктады.

13-ФЕВРАЛДАН 20-ФЕВРАЛГА ЧЕЙИНКИ ДОБУШ БЕРҮҮНҮН ЖЫЙЫНТЫГЫ

10-орун - Анжеликанын "Назданып" видеоклиби эң аз добушка ээ болуп, сынактан четтетилди.

9-орун - Нурлан Насиптин "Жүрөк ээси" композициясына буюрду.

8-орунда - Аваз Акимовдун "Балалыкка кетеличи, апаке!" чыгармасы жайгашты.

7-орунду - Гүлнур Сатылганованын аткаруусуна таандык "Ашыкпа" клиби ээледи.

6-орунду - Нурмат Садыровдун "Жүрөк ээси, эркеси" клиби камсыздады.

5-орун - Амир Аскаров менен Чолпон Талипбектин "Жүрөгүм эзилет" чыгармасына буюрду.

4-орун - Самат Эркинбековдун "Дык-кын-дыш" клибине буюрду.

3-орун - Гүлнур Асанованын "Шашпа" аттуу чыгармасы эки баскычка төмөндөдү.

2-орунду - Мирбек Атабековдун "Сүйөм сени" чыгармасы ээлеп, алдыңкы үчтүктөн орун алды.

1-орун - Өткөн аптада тизмеге кошулган Джонни менен Сайкал Садыбакасованын "Жазым менин" клиби эң көп добушка ээ болуп, жеңүүчү аталды.

Сүйүктүү чыгармаңызга добуш берүү үчүн шилтеме.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан