Иракта жети эм төрөгөн аялдын ымыркайлары чарчап калды

Иракта жети эм төрөгөн аялдын ымыркайлары чарчап калды. Бул тууралуу чет элдик маалымат каражаттары жазып чыкты.

Маалыматка ылайык, мындан бир нече күн мурун Ирактын Дияла провинциясында 25 жаштагы аял табигый жол менен 6 кыз жана 1 уулдуу болгон. Алгач Дияла провинциясынын саламаттыкты сактоо департаменти көп балалуу эненин да, ымыркайлардын да абалы жакшы экенин билдиришкен.

"Ымыркайлар эмне себептен чарчап калганы боюнча эч кандай маалыматтар айтыла элек. Буга чейин аль-Баттуль ооруканасынын директору Али Шариф бул Ирак үчүн күтүлбөгөн окуя болгонун билдирип, үй-бүлө мүчөлөрү сүйүнүп жана таң калып жатканын билдирген болчу", - деп айтылат маалыматта.

Анда белгиленгендей, 7 эминен ажыраган эненин буга чейин төрөгөн дагы 3 баласы бар.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан