Түштүк Корея март айында 5G интернет тармагын ишке киргизет

Түштүк Корея дүйнө жүзүндө алгачкылардан болуп 5G тармагын коммерциялык максатта ишке киргизет. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазып чыгышты.

Маалыматка ылайык, 5G технологиясы 2018-жылы Түштүк Кореяда өткөн Кышкы Олимпиада оюндарында колдонуп көрүшкөн. 5G тармагы рекорддук ылдамдыктагы интернет менен камсыздайт. Анда интернеттин ылдамдыгы секундасына 25 гигабитти түзөт. Мындай ылдамдык менен түз эфирде видеону Ultra HD сапатында көрсө болот.

Түштүк Корея өкмөтүнүн максаты - 5G интернетти өлкөнүн бардык аймактарына жайылтуу. 5G технологиясын ишке ашырууга SK Telecom, KT жана LG Uplus ири мобилдик компаниялары 2 миллиард 600 миң доллар сарптаган. Компаниялардын планы боюнча, Түштүк Кореяда 5G интернет тармагы коммерциялык максатта 2019-жылдын март айында ишке киргизилет.

Учурда дүйнө жүзүндө 4G технологиясы колдонулуп келет. 5G менен 4G'нын айырмасы маалыматтарды берүүнүн ылдамдыгында болот. Анда учурдагы 4G'нын маалыматтарды берүү ылдамдыгы секундасына 1-2 гигабитка чейин жетсе, 5G'нын ылдамдыгы 25 гигабитке чейин жетет.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (4)
Belle
2019-02-20 17:53:26
Амииииииий, бизге качан келет болду экен эми
+1
Flowhive
2019-02-20 18:16:46
Бизде 4G деген эле аты бар,Н+ тай эле иштейт
+3
Farra16gsin
2019-02-20 20:10:40
Мына жетишкендик биз болсо 2Gга зар болуп отурабыз күнүнө 300 мегабайт берилет ошкадан аны он минутта түгөтүп кыбыраган 2Gны колдонобуз
+2
Umakg
2019-02-21 13:14:54
3G эле
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан